AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Көрөсүңөр

Көрөсүңөр, акыры туугандарымдан өч алам!

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсызбы! Мен 16 жаштамын, 3 бир тууганмын. Атамдын туугандары мени кемсинтет. Атамдын улуу эжеси күйөөгө тийген эмес, өзү чоң жерде иштейт. Улуу агасы мал чарбачылык менен алектенип, чоң атамдын үйүндө жашайт. Кичүү иниси болсо атамдын эжеси менен кошо Бишкекте жашайт. Атам болсо ортончусу, биз электр жарыгы жок кашарда турабыз. Алардын малдарын карайбыз, кээде атам жумалап ичип үйгө келбей коёт. Ошондо биз апама жардам берип, үйдөгү оокаттар менен алектенебиз. Сабакка деле көп барбайбыз, кээде чырактын майы жок калганда эрте эле жатып алабыз. Күндүзү болсо сабак окуганга убакыт жок.

Атам ичкиликке тоюп алганда кинг-конгдой кыйкырып, алыстан эле сөгүнүп-сагынып, баарыбызды каргап үйгө келет. Келип алып тынчтык бербей апамды сабап, бизди балталап салам деп коркутат. Кыскасы баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алып бүттү. Эртеси эскертсек, жип алып “өлөм” дейт. Үйүбүздө тынчтык жок.

Азыр мен Бишкектемин, колледжде окуйм. Атамдын улуу эжеси, иниси жана жеңем менен жашайм. Алар мени шылдыңдап, кордоп, айтпаган сөздөр менен тилдешет. Үйдөгү оокаттын баарын мен кылам.

Жакында эле атамдын улуу агасынын кызы анан эки баласы келген. Алар мени бөлүп “алкаш – алкаш” деп теңине алышпайт. Үйдөн эмне жоголбосун же эмне бүлүнбөсүн менден көрүшөт. Эшикке дос кыздарым менен сырдашканы беш мүнөткө чыгып койсом, “тентимиш, эмитен ушинтип жер таптайсың, кийин денеңди сатасыңбы” деп урушат.

Бир жолу үйгө апам келген. Шерине өткөрүп жатканбыз. Баары чогулуп алып апамдын ар бир сүйлөгөн сөзүнө күлүп, басынтып каткырышты. Атамдын эжеси апамды “сен дагы кишисиңби, ой койчу ай” деп теңине албайт. Апама  “кетип калалычы, чыдабай кеттим” десем, “кой кызым, жаман болсо дагы туугандарың, ит болсо да атаң” деп тыйып коёт.

Атам болсо биз менен иши жок. Кетип калгым келет, апамды, эки инимди кыя албайм. Эмне кылсам, мага кеңеш бериниздерчи. Буйурса чоңойсом, акыры өч алам. Апам канча тыйбасын мен бул нерселерди жөн калтырбайм. Кээде чогулуп алып сабашат. Бул түйшүктү мен төрөлгөндөн бери көрүп келе жатам.

Ширин Амантурова, психолог

— Урматтуу окурман, үй-бүлөдө болуп жаткан баардык көйгөйлөр, мамилелер балдарга сөзсүз таасирин тийгизет. Сиз призма сыяктуу баардыгын өзүңүздөн өткөрүп жатасыз. Мен сизди түшүнүп турам.

Атаңыздын ичкени, туугандардын апаңызды кордошу, кол көтөрүшү, ата-энеңиздин сиздерди коргой албай тескерисинче өздөрүнүн кор болуп жатканы психикаңызды жабыркатты. Бул негативдик эмоцияларды өч алуу менен жеңгиңиз келип жатат.

Билесизби, туугандарыңыздын психологиялык басым кылганга, кордук көрсөткөнгө эч кандай акысы жок. Апаңыз тагдырына баш ийип берген, ошол себептен сиздин сунушту кабыл албайт.
Кымбаттуум, башыңызды бийик көтөрүңүз. Билим алып, келечекте ийгиликтүү болсоңуз, ошол сиздин өч алганыңыз болот.

Эсиңизде болсун, атаңыздын аракеч, апаңыздын алсыз болуп калганына сиз күнөөлүү эмессиз! 

Тамара Воронцова, психолог

— Кымбаттуум, сен болгону 16 жашта экенсиң. Сиз өз жолуңузду өзүңүз тандап, кыялыңызга умтулушуңуз керек. 

Туугандар кааласа кыйын учурда жардам берет, ал эми жылдап алардыкында жашап алуу уят. Ошондуктан, сиздерди сыйлабай жатат. Башкалардын эсебинен жеке көйгөйлөрдү чечүүгө болбойт. 

Үй-бүлөнү камсыздап жана акча табуу — эркектин милдети. Ата-энеңиз баланы жарык дүйнөгө алып келгенден кийин, ар бирөө үчүн жоопкерчиликти алышкан.

Албетте, бардык  жагдай тууралуу маалымат берген жоксуз, бирок мүмкүн болушунча сиз билим алып, ата-энеңизге жардам берип, бактылуу болушуңуз керек! Кемсинтилип жашап жана жашагыңыз дагы келбей жатса — буга  ата-энеңиз күнөөлүү!

Кечиресиз алтыным, катуу айтып жатам, бирок мен сизге боорум ооруп жатат. Таянар эч кими жок болгондуктан, кедей үй-бүлөлөрдүн балдары көп нерсеге жетише алышат! Сиздикиндей эле үй-бүлөдө өскөн, биздин өлкөдөгү атактуу адамдарды көп билем. Көшөрүп кыялыңызга карай багыт алыңыз! Эгер кетүүгө мүмкүн эмес болсо, анда  булар убактылуу нерсе экенин, бир күнү бүтөөрүн билиңиз. Чыдамдуу болуңуз жана  пландарды түзүңүз! Баардыгы жакшы болот! Мен сизге ишенем!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялынын этегине жашынган эркектер көбөйдү

Аялынын этегине жашынган эркектер көбөйдү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.