AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Көңүлдү түшүргөн сайт. Бажы кызматынын порталын анализдейбиз

Көңүлдү түшүргөн сайт. Бажы кызматынын порталын анализдейбиз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бажы Кыргызстанда коррупция менен ассоциацияланат. Мындайынан алганда, экөө синоним сөздөр сыяктуу. Мамлекеттик бажы кызматынын www.customs.gov.kg сайтынан эмнени табууга болот жана кандай маалыматтар жок, Kaktus.media анализ жүргүзүлдү.

Жарандарды МБК жөнүндө кандай маалымат кызыктырат?

  • Чек аралардын ачылышы, айрым өткөрүү пункттары жана өтүү эрежелери жөнүндө кулактандыруулар.
  • Жүк ташуунун күнүмдүк статистикасы.
  • Бюджетке эсеп-кысап түрүндө түшүүлөр жана бөлүнүүлөр, жок дегенде ай сайын.
  • Тыгылып калган жүктөргө байланыштуу жеке көйгөйлөрү бар жарандарды кабыл алуу үчүн онлайн кабыл алуу ж.б.
  • Экспорт жана импорттоо боюнча нускамалар, документтердин шаблондору.
  • Темалар боюнча жаңыртылган суроолор: товарга эмне үчүн коэффициент керек ж.б

МБКнын сайтында эмне бар?

Сайттын бөлүмдөрүнө караганда, басма сөз кызматы МБКда мыкты иштейт — жаңылыктар үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Ошондой эле сайтта МБКнын тарыхы, жетекчилиги, анын түзүмү жөнүндө маалыматтар камтылган. Бөлүмдөрдүн жана бөлүм башчыларынын байланыш номерлери, республиканын бардык аймагындагы бажы бөлүмдөрүнүн иш тартиби, байланыш маалыматтары жана даректери жарыяланган.

Мыйзамдар, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө, ошондой эле ТН ВЭД боюнча товарларды классификациялоо жөнүндө маалыматтар бар. Бирок документтердин тизмеси бир топ эле аз: адатта товарлардын импорту жана экспорту үчүн документтердин саны көп. Чакан бизнестин өкүлү  берилген документтерди шашып же кылдаттык менен карап чыккандан кийин деле өлкөгө бир нерсе алып келүүсүнө өтө кыйын болот.

Тышкы сооданын абалы боюнча статистикалык маалыматтар бар, бирок 2019-2020-жылдарга гана. «Аналитикалык материалдар» бөлүмүндө Word программасында эки гана файл бар, «Таблица формасы» кошумча барагынан — Excelдеги өлкөлөр боюнча статистиканы таба аласың.

Ар бир баракта колдонуучуга бажы кызматынын ишмердүүлүгүн кандайча баалай тургандыгы жөнүндө сурамжылоо коштолот. Почтага кирип, натыйжалары менен таанышып чыктык.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин, өкмөт айрым өткөрмө бекеттерге видеокамералар орнотулаарын көп жарыялаган. Бирок, бардык постторго видеокамералар орнотулган эмес. Товарлардын өтүшүн кантип байкоо керектиги дагы белгисиз, онлайн трансляция жүктөлбөйт.

Күлкүлүү, бирок чындык. МБКнын сайтында коррупцияга каршы өзүнчө бөлүм бар, анда бир нече жоболор жана отчеттор жарыяланган. Жаңыланууларга караганда 2016-2018-жылдары коррупцияга каршы күрөштөн тажаган бажы кызматкерлери бул каргашалуу ишкердиктен баш тартышкан.

МБКнын сайтынын оң тилкесинде ЕЭК сайтына өтсө болот, 2012-жылдын билдирүүлөрүнө шилтемелер бар («Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын БАЭАнын тышкы порталы»), анда учурдагы алмашуу курстары бар. Маалымат порталындагы классификаторлор актуалдуу болушу мүмкүн, бирок башкы беттеги билдирүү колдонуучулардын башын айландырат. Ошондой эле оң тилкеде иштебей турган «ЕАЭБдеги товарларга алдын-ала кабарлоо» бөлүмү бар. 

Оң тилкеде автоунааларга бажы төлөмдөрүн эсептөөчү калькулятор бар. Кыязы, бул кенен аудиторияга пайдалуу боло турган бир нече бөлүмдөрдүн бири. Эгер аны колдонгон болсоңуз, комментарийге пикир калтырыңыз.

Эмне жетишпейт?

Калктын негизги бөлүгү үчүн кандай нерселерди «растаможка» кылса болору жана алып келген нерселерге кандай талаптар бар экендигин жеткиликтүү сүрөттөө керек. Бул маалыматты «Жеке адамдар үчүн маалымат» бөлүмүнө киргизсе болот. Учурда бул шилтемеде жаңылыктар бар.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттер, изилдөөчүлөр үчүн статистикалык маалыматтарды камтыган өзүнчө бөлүм иштеп чыгуу керек. Маалыматтар визуалдык түрдө жана машинада окула турган формада болуп жана дайыма жаңыланып турушу керек. Товарлардын жүгүртүлүшү, номенклатурасы, бажы төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды көрсөткөн онлайн-визуалдаштырууну жасап койсо болот. Жумуш издеген адамдар үчүн резюмесин жөнөтүү мүмкүнчүлүгү менен көрүнүктүү жерге вакансиялар жөнүндө маалыматты жарыялоо зарыл.

Ошондой эле товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн канча төлөш керектигин жана алардын кайсы категорияга таандык экендигин билүүгө боло турган бизнес бөлүмүн түзгөн оң. Бул үчүн, онлайн калькуляторун иштеп чыгып же колдонуучу баштапкы маалыматтарды киргизип, жыйынтык ала турган форма түзсө болот. 

IT адистери статистика боюнча интерактивдүү панелди түзүүнү сунушташат, анда категориялар боюнча бажы төлөмдөрү боюнча маалыматтар реалдуу убакыт режиминде жарыяланат, ошондой эле айларга, шаарларга, региондорго, ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча категориялар боюнча салыктарды чогултуу боюнча машинада окула турган формада анонимдүү маалыматтардын базасы болот.

Бажы кызматынын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм мага жаккан сумканы алыш үчүн дубленкасын сатыптыр

Күйөөм мага жаккан сумканы алыш үчүн дубленкасын сатыптыр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.