Саламатсызбы! Жашым 22де, 1 кызым бар. Турмуш кургандан кийин бир жыл өтпөй, төрөргө жакын жолдошумдан кетип калдым. Күйөөм күнү-түнү компьютер ойнойт, кээде үйгө дагы келбей коет. Такыр иштеген жок. Азыр кызым 8 ай болуп калды. Бир дагы жолу жардам бербеди. Кийими бүтүнбү, курсагы токпу иши жок. Анан дагы жашайлы деп аркаман кууп алганын токтотпойт. Качан болбосун «оңолдум», «иштейм», «жашайлы» деген сөздөрдү айта берет. Жолдошум менен жашасам туурабы же кызымы чоңойтуп келечегин курганым жакшыбы? Кайсы жолду тандасам жаңылышпайм? Өзүм жашабай эле коеюн деп жатам. Жактырбаган адамдар менен жашаш абдан кыйын экен. Кайын-журтум мени такыр жактырбайт. Аларга жагынбай эле коюну чечтим. Иштеп үй алып, бизнес куруп, кызымы эч нерседен кем кылбай чоңойткум келет. Күйөөмү жакшы көрөм, бирок, ага болгон үмүтүм өчүп калды. Кээде кыйналам, сагынып куса болом, бирок эмоцияга алдырбаганга аракет кылам.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







