AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Колума бычак алып уулума жөнөдүм. Мигранттын эскерүүсү

Колума бычак алып уулума жөнөдүм. Мигранттын эскерүүсү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

 

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  — мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Blesinbi.kg Россияга кулчулукка сатылып, кайра мекенине кайтып келген Мухабаттын окуясын айтып берет.

Россиядан иш таап берем деди

Менин атым Мухабат. Мен Ташкенттен болом. Ташкентте каттоосуз жашаган болбойт. Биздин үйдө Сабина деген аял жашачу. Кайсыдыр бир иштер менен Өзбекстанга келген экен. Апам аны убактылуу биздин үйгө каттоого тургузду. Ал бизден бир бөлмөнү ижарага алып жашап калды. Келишимибиз бүткөндөн кийин үйдөн кетүүсүн айттым. Ал каттоодон чыгарбай турууну өтүнүп, ордуна Россиядан жакшы иш таап берем деп убада кылды. Мага акча керек болчу. Чындап эле бир нече убакыттан кийин Сабина Санкт-Петербургга чакыртты. Мен иштегенче уулум Санжарды карап бере турганын да кошумчалады. Ал кезде балам 5 жашта эле.

Эптеп билетке акча чогулттум. Жогорку билимим жок, мени колдой турган күйөөм да жок, турмушум орто заар. Кандай жумуш болбосун жасай берем, бирок жогорку билимиң жок болгон соң, жакшы айлык төлөп бере турган иш табуу өтө кыйын.   

Иштесең, тиштейсиң

Санкт-Петерургга уулум менен келсек, Сабина күйөөсү менен батирде туруп, алар менен кошо Өзбекстандан келген үч үй-бүлө жашашчу экен. Кийин күйөөсү наркоман экенин билдим. Мен нааразы боло баштадым. Мындай шартта бала менен жашоо мүмкүн эмес деп, Сабинадан берген убадасын аткарууну талап кылдым. Бул убактылуу гана, деп мени жоошутту. Бир жума жумуш күттүм. Азык-түлүк бүткөндөн кийин Сабина: “иштесең, тиштейсиң, мен айткан жумушту жасайсың”, — деди.

Мен каршылык көрсөттүм, ыйладым, мени заводго, конвеерге, короо шыпыргыч кылсаң да мейли, бирок сен айткан эмес, башка жумуш таап бер, деп өтүндүм. Кантен күндө да, баламды багышым керек эле… Акыры макул болдум… Бул бир да аял эч качан каалабай турган, ойлогусу да келбеген, бирок эч качан унута албай турган “жумуш”. Бизди мал саткандай эле сатышты. Көрсө Сабина “вербовщица” экен.

Өзүмдү аттап ошол ишке бардым

Эртең менен мени бир кара джип салып кетти. Ал учурду такыр эстегим келбейт, коркунучтуу жана жийиркеничтүү. Ошондо өзүмдү аттап, ошол ишке бардым. Ошондо адамдарга ишенген, ак көңүл, шайыр, ачык болуп жүргөн мен – өлдүм…

Сабинанын үйүндө жашап жүргөнүм үчүн жана жол киреме, деп очойгон карызды мойнума илип коюшту. Тапкан акчамдын баары карызды жапканга кетет, тамагыбыз бекер болот, уулумду карап беришет дешти. Мунун баарын мен ыраазычылыгым менен кабыл алышым керек эле. Алардын айтымында, өзүм күнөөлүмүн, билип туруп келгем, башында ойлонуш керек болчу экен. Бир жума кыялымды көрсөтпөй дароо иштеп баштасам, эбак эле карызыман кутулмак экемин.

Колума бычак алып уулма жөнөдүм

Санжарды айына бир эле жолу көрчүмүн. Негизинен IMO (видео байланыш аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген мессенджер) аркылуу күнүнө 1-2 мүнөт сүйлөштүрүп турушчу. Менин балам жашаган жерде башка балдар да көп болчу экен. Кийин угушума караганда, аларды атайы мушташтырып, видеого тартып, чоңдор алардын көзүнчө ичип-жеп, жыныстык катнашка барып, энелериңер сойку деп айтышчу экен. Байкуш уулум…

Бир күнү иштеген жокпуз. Полиция рейд кылат экен, деген маалымат тарады. Мен учурдан пайдаланып, администратордон паспортумду жалынып атып сурадым, эмнегедир берди. Мен колума бычак алып уулума жөнөдүм. Барып алып коркуттум, мени сабап, бутумду күйгүзүп салышты, бирок тажаалдыгыман чоочуп, ызы-чуу чыгарабы деп баламды беришти.

Интернеттен номерлерин таап, Ташкенттеги Адамдарды сатуу менен күрөшүү бөлүмүнө жана “Исикболли авлод” уюмуна телефон чалдым. Үйгө кайтып келүүбүзгө жардам беришти.

Келгенден кийин уулум экөөбүз менен психологдор иштешти. Башында жашагым келбей калган. Апам бизди кантип кабыл алат, Санжар мунун баарын кантип унутат, кошуналар эмне дейт? Баламдын психикасына аябай сарысанаа болдум. Кадимки адамдардын арасында жашай алабы, өмүр бою коркуу сезими менен жүрөбү же башка балдар аны жэрип ойнобой коюшабы… Азыр ал жети жаштагы кадимки бала, мектепке барат, футбол ойнойт, велосипед тебет. Петербургтагыны унутса экен деп тиленем. Мен азыркыга чейин чоң кара машине көрсөм дене боюм титиреп, жүрөгүм токтоп калгансыйт. Кудай мындайды эч кимге бербесин.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Феминизм деген эмне жана анын кимге кереги бар?

Феминизм деген эмне жана анын кимге кереги бар?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.