Колтук алдындагы температураны ченөө үчүн — колду 10 мүнөт денеге бекем кысуу керек. Эң аз дегенде 5 мүнөт кысымга алынган градусниктин көрсөткүчүнө гана ишенсе болот.
Колтук алдындагы температураны туура ченөө үчүн төмөнкүлөрдү аткарабыз:
- Алгач колтук алдындагы терини сүртүп кургатабыз. Болбосо, нымдуулук сымапты муздатып жиберет жана градусник төмөнкү температураны көрсөтөт.
- Градусник менен дененин ортосунда ич кийим болбосун.
- Оорулуу өтө эле алсыз болсо, градусникти кармап турганга кимдир бирөөнү жардамга чакырабыз.
- Градусникти салып, колду денеге бекем кысабыз. Кичинекей бала болсо ороп жаткызып коебуз.
- 5 мүнөт өткүчө «карап көрөйүнчү» деп градусникти алып чыкпайбыз.







