
- Ысык жана муздак эмес, агып жаткан жылуу сууну колдонуңуз.
- Каалаган самын менен жуусаңыз болот.
- Эки колдоп манжаларды, алардын арасын, колдун үстү-астын, жакшылап 1 мүнөт жууңуз.
- Жууп бүткөндөн кийин кургак кол аарчы менен аарчыңыз.
- Коомдук даартаканаларга кирип калсаңыз, кагаз кол аарчынын жардамы менен эшик туткасын ачыңыз, сууну агызыңыз, кетип бара жатканда кол аарчыны ыргытып коюуну унутпаңыз.
- Колуңуздун териси кургап кетсе, жумшак самын менен жылуу сууда, сүртүү эмес, сылоо ыкмасы менен жууп, нымдандыруучу колмайларды сүйкөңүз.
- Эгер жаныңызда суу жана самын жок болсо, салфетка, аэрозол, суюктук түрүндө кездешкен антибактериялдык заттарды, скраб, самындарды дүкөн, даарканалардан сатып алып, колдонсоңуз болот.






