Салам достор! Бул ирет «Уят эмес!» подкастыбызда айымдар үчүн жана эркектер үчүн кандай коргонуу каражаттары бар экени тууралуу сүйлөштүк. Коноктор менен болгон маектен кийин, жыныс инфекцияларын, пландаштырылбаган кош бойлуулукту алдын алуу үчүн сөзсүз аларды колдонуу керек экенин билдик. Сиз дагы көрүп, «кой, презерватив сатып алалы» деп калыңыз.
Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору
Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...







