AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кой терисин жамынган карышкыр молдонун бетин кантип ачса болот?

Кой терисин жамынган карышкыр молдонун бетин кантип ачса болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Коомубузда балдарын мусулманчылыкка үйрөтүүнү каалаган ата-энелер көп. Бирок молдолорго окууга берүүдөн коркушат. Себеби, радикал ойлорун балдарга таңуулаган молдокелер жок эмес.

Учурда диний билимге талап өсүп жаткан маал. Бул бир жагынан жакшы болгону менен, экинчи тараптан кой терисин жамынган карышкырларды көбөйтүүдө. Балдары мечитке барып жаткан ата-энелерди коопсуздук маселеси тынчсыздандырат.

Бизге кайрылган ата-энелердин бирөөсү:

“Балам 15 жашта. Достору менен мечитке бара баштаганына аз эле болду. Башында жакшы эле каршы болгом, болбой достору менен кетип калды. Ашкере динчил болуп кетеби деп корком”,- деди.

Ошондой эле дагы бир ата-эне төмөнкүлөргө токтолду:

“Мен балам үчүн коркуп жатам, ал өзгөрдү, балким жакшы көңүл бура албай койгондуктанбы билбейм. Себеби, аялым экөөбүз балдардын келечеги үчүн деп күндөп-түндөп көр оокаттан азабы менен бошобойбуз. Албетте, ата-эне болгондон кийин баланы жакшы болуп чоңоюшун каалайбыз. Ата-эне деген эмне жакшы, эмне жаман экенин сезет. Ортончу эркек балам 19 жашта.  Намаз окуйт анысы жакшы, ага сүйүнөм ичип, чегип жүргөндөн көрө намаз окуганы жакшы да, бирок эртеден кечке үйгө келбейт. Эмне кылып жүргөнүн билбейм.”

“Молдодон балдарга эмнени үйрөтөөрүн сурагыла”

Муфтияттын Даават, үгүт-насаат, ар түрдүү агымдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиев алгач ата-энелер өздөрү мечитке барып, эмнелер тууралуу айтылаарын билиши керек деди:

— Бала мечитке барса эле бузулуп кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Мечитте радикалдар тууралуу сөздөр айтылбайт. Мечит — адамдар келип кулчулук кылган, ачык жер. Көбүнчө туура эмес пикирлер интернет айдыңдарында, өзүнчө батирлерде жайылтылат. Үйдө кооптонуп олтура бербестен, ата-энелер өздөрү мечитке барып, молдону угуп, эмнени окутуп жатканын сурап турса болот.

Билал ажы Сайпиевдин айтымында адамдын айткан сөзү анын ким экенин билсе болот:

— Адамдын сүйлөгөн сөзү, акылынын таразын билдирет. Имамдын айткандарынан эле, анын ким экенин, канчалык такшалгандыгын билүүгө болот.

“Көчөдөн үгүт жүргүзүү туура эмес”

Ата-энелер көчөдөн же мектептен жаштарды кармап алып дин тууралуу үгүт иштерин жүргүзгөндөрдөн коркушат.

Күмүшай апа небереси кооптуу диний топко кирип кетеби деп кабатыр:

 “Неберем 13 жашта, кээде мектептен келе жатса дааватчылар кармап алып, ар нерселерди айта беришет экен. Эмнени айтты десем, балам “жөн эле” деп коёт. Эмне кылышты билбей калдым.”

Бөлүм башчынын айтымында мындай фактылар катталып келген:

— Оба, бизде бул сыяктуу учурлар болгон. Борбордук мечиттен дааватчылар чыгып алып, балдарга келиме айттырып жаткандарын адамдар тартып, интернетке жайылтып, нааразычылыктарын билдиришкен. Биз ал дааватчыларга “бала мечитке өзү келе турган болсо мейли, эгерде көчөдөн көрүп калсаңар, байке катары насаатыңарды эле айтып койгула» деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз,-деди.

 Сабаттуу молдо менен радикал молдонун айырмачылыктары

Теолог Кадыр Маликов имам эч качан жарандардын жеке ишине кийлигишпеши керектигин айтты:

Имамдын милдети диний жөрөлгөлөрдү жасап, аларды башкаруу гана эмес:

  • Жергиликтүү жамааатардын жүзү болуу.
  • Ар бир кайрылган жараан менен өз алдынча иш алып баруу.
  • Адамдардын көйгөйлөрүн чечип, аларга туура багыт берүү.
  • Коомду терс көрүнүштөрдөн (алкогол, баңгилик ж.б) алдын алуу.
  • Жамаатарды чогултуп алып, каражат топтоп, кембагалдарга жардам берүү.
  • Жарандардын жеке иштерине кийлигишпөө.

Теолог бүгүнкү күндө имам кандай болуш керек деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди:

— Заман талабына ылайык, имамдар ислам жаатында гана билимге ээ болбостон, психология, тарых сыяктуу светтик илимдерден билим алып, дүйнө таанымы, ой жүгүртүүсү кең болушу керек. Маалыматтарды фанатизми жок, жаштарга түшүнүктүү тил менен жеткирүүсү зарыл.

Адамдар сак боло турган болсо, молдонун радикал экенин билип алса болот.

     

      Сабаттуу молдо

 

         Радикал молдо

Жай сүйлөйт

Өктөм сүйлөйт

Катуу айтпайт

Катуу чакырыктарды жасайт

Коркутпайт

Коркутат

Башкаларды күнөөлөбөйт

Адамдарды күнөөлөп “каапыр” дейт

Толеранттуу

Агрессивдүү

Заман агымынан артта калбайт

Жаңы нерселерди (инновация) кабыл албайт

Ар тараптуу билимге ээ

Бир багытка катуу берилген

Мажбурлабайт

Өз оюн таңуулайт

Өз оюн таңуулабайт

Атайын жайларда топ-топ болуп чогулуп турушат (батир, үй, кеңсе)

Түшүндүрүү иштерин коомдук жайларда жайылтат

Каапырларга каршы күрөшүүнү үгүттөп, мамлекетке каршы чакырыктарды жасайт

Радикализимге каршы күрөшүүдө, ар бир адамдын жардамы маанилүү. Жогоруда критерийлер адам радикалдуу диний агымдарга мүчө экенин көрсөткөн белгилердин айрымдары гана. Сизде молдого кандайдыр бир күмөнүңүз болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Үйдөн чыкпай китепкана арала

Үйдөн чыкпай китепкана арала

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.