AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Ким менен жаттың эле?" Гинекологго баргандан корккон окурмандардын окуясы

«Ким менен жаттың эле?» Гинекологго баргандан корккон окурмандардын окуясы

18 апреля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Биз ар дайым окурмандарыбыздын оюн угуп, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүп келебиз. Албетте, анонимдүүлүктү сактоо менен. Бул ирет алар гинекологго баргандан эмнеге коркорун, кантип бул коркуудан арылгандары менен бөлүштү. Окуяны окугандар жалгыз эмес экенин түшүнүп, корккон башка аялдар да бардыгын көрө алышат.

Айзада, 27 жаш

«Жаш кыздар силердин эмне кылып жүргөнүңөрдү билем, калп айтпа мага!» Ошол кабинеттен чыгып кеткиче шашкам. Айызым катуу ооруп келчү. Анда 20 жаштарда элем. Биринчи жолу гинекологго барышым. Студент болчум. Аябай орой эже туш келип калды. Кагып-силкип жатты. Креслого жатайын дегенде, «айыз инфекция киргенде ооруйт, ар ким менен жүрөсүңбү» дегенинин унутпайм. Толтура дары жазып берип, чыгарып салган. Эртең келип анализ тапшырышымды айткан, барбай койдум. Ичим жаман болуп, гинекологдорго баргандан коркуп калгам. Көпкө чейин барбай жүрдум. Бирок оорум чыдатпай баштаганда кайра башка жакка бардым. Сонун эже туш келди. Айыз эмне себептен ооруп келе турганын айтып, жакшы кабыл алды. Ошондо коркуум жоголду. Бардыгы бирдей эмес деген туура экен. Азыркыга чейин ошол эжеге барам. Өз гинекологумду таптым.

Алтынай, 34 жаш

Мен курактууларды уят сезими менен катуу тарбиялашкан. Поликлиникага апам менен барганда гинекологдун кабинетинде турган аялдарды башкача карачумун. Ал кабинеттен тез өтүп кетким келчү. Мен гинеологдон эмес, элдин пикиринен коркчумун. Балалуу болгуча гинекологго басып барган эмесмин. Кээде буга өкүнөм. Анткени, айрым оорулар кеч аныкталды. Азыр барып турам. Анын үстүнө курбум гинеколог. Коркууларымды айтсам дароо аргументтер менен көзүмдү ачып коет.

Мээрим, 18 жаш

Апама рахмат. Гинекологго эмес, мага ишенгенине рахмат. Биринчи этек кирим 16 жашымда келди. Аябай оорутуп, кан көп акты. Апам жумуштап шаарга кеткен. Мени таежем алып барды. Гинеколог жаман суроолорду берип, ар ким менен жүргөн жокмунбу сурай баштады. Ичимдин ооруганынан жооп бере албай жатсам, «мына» деп кайра күчөдү. Үйгө ыйлап келип апама чалып айттым. Дароо жетип келди. Шаарга алып барып, башка гинекологдорго көрсөтүп, дарыларды, «лечения» жаздырдык. «Кызым, көңүлүңө алба» деген сөзү эле мага күч болду. Апам мага ишенди. Биринчи гинекологго барганым ушинтип эсте калган. Коркууч кийинчэреек кетти.

Сиз биринчи гинекологго барган күнүңүз эсиңиздеби?

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Баласына убакыт бөлө албай

Баласына убакыт бөлө албай, жумуштан колу бошобогон аталарга кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.