
Саламатсызбы! Мен ата энемдин жалгыз баласымын. Алар мени такыр кемсинтип урушпайт. Окуга бараарда «көңүлүң барбы», — деп сурашат. Мен деле тентектик кылып, каяша сүйлөбөйм. Бирок атам менен апамдын туугандары «балаңардын көңүлүн карабагыла, кийин наркоман, кайдыгер болуп чоңоюп калат»,- деп коркута беришет. Чын эле мен ошондой болуп каламбы?






