Саламатсызбы. Апам мени ымыркай кезимде таенеме таштап кеткен. Кийин чоңоюп, эс тартып калгандан кийин, 16-17 жашымда апам менен бирге жашап калдым. Кичинемде эне мээримин көрбөгөнгөбү, апамды жүрөгүм менен жакшы көрө албайм.
Акылым менен түшүнөм, ал мени 9 ай көтөрдү, толгоо тартып төрөдү. Бирок эч эле аны менен жылуу мамиле кура албай койдум. Жүрөгүмдү ооруткан сөздөрдү айтат. Мисалы, “сенин мага керегиң жок!” дегенди көп эле кайталайт. Мындан башка нерселери деле бар.
Апамды күнөөлөгүм келбейт, ал деле турмушу оор болгондон улам, кенедей баласын калтырып иштөөгө аргасыз болду. Эне деген ыйык да. Мен кантип апамды жүрөгүм менен акылым менен жакшы көрө алам?







