AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кичинекей кыздардын жыныс мүчөсү эмнеге кычышат?

Кичинекей кыздардын жыныс мүчөсү эмнеге кычышат?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жогорку категориядагы гинеколог-эндокринолог Айжан Джакшибаева кичинекей кыздарда вульвовагиниттин пайда болуу себептерин айтып берип, алардын гигиенасын сактоодо самынды колдонбош керек экенин эскерте кетти. 

Вульвовагинит деген эмне?

Вульвовагинит — бул вульванын жана кындын былжыр челинин сезгениши. Учурда кыздар арасында арасында көп кездешкен оору.  

Ооруну кантип аныктаса болот?

Вульвовагиниттин белгилери ачык эле көрүнүп турат.

  • ачышуу
  • кычышуу
  • ак, сары же быштак сымал суюктуктун бөлүнүп чыгуусу
  • вульванын кызаруусу
  • заара кылганда оорутуу ж.б.

Ошондой эле, кыз ыйлаак болуп калат. Эч нерсени жактырбай кыжалат болот. Жыныс мүчөсүн кармалап, тырмайт.

Вульвовагинит менен вульвиттин айырмасы эмнеде?

Вульвит — бул тышкы жыныс органдарынын, айталы, кичи жана чоң жыныс эриндеринин сезгенүүсү. Ал өтүшүп кеткенде ичине кирет (вагинит), мындайча айтканда жыныс кынынын былжырлуу чел кабыгынын сезгентет. 

Вульвовагиниттин өздүк гигиена менен байланышы барбы?

Албетте, биринчи кезекте гигиенаны туура сактоо зарыл. Тилекке каршы, бул нерсени көп энелер биле бербейт. Кыз кишинин аналдык тешиги менен жыныс кынынын ортосунда аралык жакын болгондуктан, инфекция кирип кетүү тобокелдиги жогору. Ошондуктан, кыз төрөлөрү менен ага туура кам көрүш керек.

Киндиктен ылдый, көтөнүнө карай жөнөкөй жылуу суу менен жуу зарыл. Эч кандай самындын кереги жок.

Эң негизгиси эненин колу таза болсун. Эмне үчүн самындын кереги жок, анткени анын курамындагы щелочь жыныс кынын былжыр челин инфекциялардан коргоп турган майлуу смазканы жууп салат. Ашыкча гигиена, улам-улам даарат алдыра берүү дагы бул оорунун өрчүшүнө алып келет.

Айрым апалар марганцовка же соода аралашмасы менен жуушат. Бул канчалык эффективдүү?

Биздин аң сезимибизде жөн эле суу менен жууп коюу пайдасы жоктой сезилет. Анан ар кандай кошулмаларды колдонобуз. Бул чоң жаңылыштык. Соода бул дарылоо эмес. Алгач ошол сезгенүүнү пайда кылган инфекциядан кутулуу керек. Аны гинекологдун жардамысыз жасоо мүмкүн эмес.

Иммунитет төмөндөп кеткенде пайда болобу?

Иммунинеттин төмөндөшү бирден бир гана себеби, башкалары дагы көп. Кыздын ичинде курттар жокпу дагы текшерүү зарыл. Ошондой эле толук балдар дагы бул ооруга чалдыгуу тобокелинде болот. Балдарыңарды жакшы көрсөңөр, кола, чипсы, таттууларды алып бербегиле.

Иче карын оорулары, туура эмес тамактануу, эндрокриндик оорулар, ашыкча салмактуулук ж.б. вульвовагиниттин себептеринин катарында турат.

Кантип дарылайт?

Алгач оорунун себебин билүү керек. Алар ар кандай болот. Гинееколог текшергенден кийин так диагноз коет. Мисалы, инфекциялык себептерине токтоло кетейин. Энеде адамдын паппиллома вирусу бар болсо, төрөт учурунда, эгер табигий жол менен төрөсө балага жугуп калышы мүмкүн. Эгер вульвовагинитти ошол козгосо, анда алгач аны дарылайбыз.

Алдын алуу чараларын айта кетсеңиз

Туура тамактануу, гигиенаны туура сактоо (ашыкча же аз эмес), сөзсүз түрдө жашоосунда спорт болсун. Ич кийими ак түстөгү кездемеден тигилсин. Түстүү ич кийимдер аллергияны козгошу мүмкүн. Ал эми вульвовагинит аллергиялык мүнөздө дагы болот. Ата-энелерге баланын ден соолугу үчүн элдик эмес, заманбап билимди тандоону сунуштайм.

Эскертүү! Вульвовагинит өтүшүп кетсе, «синехии» – жыныс кынын кичи эриндеринин жабышып калуусуна алып келет. Бул өтө кооптуу, кийин жыныстык жашоосуна чоң таасир тийгизет. Ошондуктан, жаңы төрөлгөндөн күндөн тарта гигиенасын туура сактап, кездеме тампондор менен жыныс кынын сүртүп, жыныс эриндери жабышып калган жокпу карап туруш керек.

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Джеки Чандын түрмөдөн чыккан уулуна жазган каты

Джеки Чандын түрмөдөн чыккан уулуна жазган каты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.