AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кесип тандоого жардам берүүчү беш кадам

Кесип тандоого жардам берүүчү беш кадам

13 декабря, 2020
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Асель Суюнбаева өспүрүмдөргө жашоодо эмне кылууну кааларын түшүнүүгө жардам берген беш кадамды сунуштайт.

1-КАДАМ. Эмнеге кызыга турганыңды тап

Ар бир адамдын туубаса жөндөмү болот. Аны изилдеп таап, өрчүтүп, ошого жараша кыймылдаш керек. Эч качан “менин талантым жок”,-деп ойлобо. Мисалы, сен мыкты сүрөт тартасың дейли. Бирок эл алдына чыгып сүйлөй албаганыңа кабатыр боло бересиң. Сага сүйлөгөндүн кереги жок, анткени сен укмуштуудай сүрөттөрдү жаратып жатпайсыңбы! “Күндө тажабай эмне кылат элем?” Жакшылап ойлонуп, ушул суроого жооп бер. “Уктайт элем” деген жооп болбойт.

2-КАДАМ. Кызыккан нерсеңдин даамын татып көр

Туура эмес кесип тандап убакытыңды текке кетирип албаш үчүн, окууга жайга тапшырганга чейин аракет кыл. Кесиптерге багыт берүүчү тесттерден өт. Интернетке кирип “Бесплатные тесты на профориентацию” деп жазсаң толтура чыгат. Ошолордун баарына чын дилиң менен жооп бер, жыйынтыгына жараша иш кыл. Мүмкүнчүлүк болсо сени кызыктырган тармакта стажировкадан өт же иштеп көр. Волонтер бол, бул дагы чоң багыт берет. 

3-КАДАМ. Ата-энеңе жакшылап түшүндүр

Ачууга алдыруунун кереги жок. Ата-энеңди диалогго чакырып, ачык отуруп сүйлөш. “Ата, апа, мен жөн жерден жок деген жокмун. Силер сунуштаган  кесипке жөндөмүм жок. Мен буга кызыгам.” Эмне үчүн ал кесипке кызыгарыңды фактылар менен айт. Мисалы, “мен мугалим болгум келет, анткени балдар менен иштеген жагат”,- десең болот. Ошондой эле, эмне үчүн алар сунуштаган кеипти жактырбай жатканыңдын себептерин түшүндүр.

4-КАДАМ. Акчаны эмес, кесипти танда

Эч качан “бул жумуштан көп акча таап жатышат, мен дагы ошол жакка барайын”,- деп, ойлобо. Эгер кесипти акчага карап тандасаң, чоң ката кетиресиң. Элестет, өзүңө жакпаган нерсе менен кантип алектенип, кантип ырахат алаласың. Кесипти айлыкка карап тандаба, көпчүлүктүн жасап жаткан ишине көз чаптырба, өзүңүзгө жаккан нерсени жаса, ошондо көп табасың.

5-КАДАМ. Жүрөгүңдү ук

Кесип ээси болуш үчүн сөзсүз эле жогорку билим алуунун кереги жок. Мурда ошондой болчу, азыр жөндөмүңдү өрчүтүүгө мүмкүнчүлүктөр толтура. Өзүңдү ар тараптан өнүктүр. Кесип тандоо — бул сенин гана тандооң. Конфуцийдин: “Өзүңө жаккан жумушту танда, ошондо өмүрүңдө бир күн да иштебейсиң”, — деген сөздөрүн эсиңе түйүп ал. Жашоодо ар кандай учурлар болот, бирде утсаң, бирде жеңилесиң. Бирок, бул сенин ийгилигиң жана кемчиликтериң гана болот. Ошондуктан, жүрөгүңдү ук!

#билесиңбиөспүрүм

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Үй шартында бетке кам көрүү үчүн маска

Үй шартында бетке кам көрүү үчүн маска

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.