AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кемпирим экөөбүз алтымышка таяп калганда көптөн күткөн кыздуу болдук

Кемпирим экөөбүз алтымышка таяп калганда көптөн күткөн кыздуу болдук

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Байбичем менен отузга барып калганда баш коштук. Биздин убакта бул өтө эле кеч болчу. Бирок экөөбүз тең билимге умтулуп жүргөн жан элек. Москвадан таанышканбыз. Мекенибизге келип экөөбүз эки жакка кеттик. Бирок байланышты үзбөдүк.

Кат жазышып алышкан күндөр, эх… Ага жуучулар келе баштады. Менин болсо, кулак мээмди жей башташты. Акыры жумушка шылтоолоп, туугандардан алыс районго кетип калдым. Кулак-мээм тынч, бирок «ушул жөн жерден үйлөнбөй жүрөт» деген ушактар көбөйө баштады.

Экөөбүз жаңы-жылда жолуугуну чечтик. Көрүшө элегибизге төрт жыл болуп калган эле. Мен станцияга бардым. Башындагы сары жолук, чачтары тармал, көздөрү бакырайган сулуу кыз мага кол булгалады. Мен жакка чуркап келатканда эле, болду үйлөнөм деп чечтим. 

Экөөбүз коштошо албай жатып коштоштук. Бир жумадан кийин барып алып кетем деп сөз бердим. Сөзүмө турдум. Апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла. 

Төрт уулдуу болдук. Балдарыбызды бутуна тургузуп, татыктуу билим бергенге аракет кылдык. Жолдоруна салып, өх дедик. Бирок, экөөбүз тең кыздуу болгубуз келчү. Кудайымдан кыз сурап жүрүп, акыры жашыбыз өтүп кетти. Анын үстүнө байбичем дагы ооруп калды. Мен болду, кыялды унуталы деп, ага бешинчи ирет кош бойлуу болууга макул болбой койдум. Ал жок мен кантем…

Уулдарыбыз дагы бизди тартып үйлөнүүгө шашпай жүрүшөт. Үчүнчү уулубуз үйлөнөм дегенде, баарыбыз шок болдук. Эмне кылыш керек билбейбиз. Кайра уулубуздан сурап коебуз, эмне кылалы деп. Ал «жөн гана тоюма келип бергиле» деди. 

Алтымышка таяп калганда кыздуу болдук. Келин албадык, кыз алдык. Үй өзүнчө жанданды. Сары, кичинекей кыз пайда болду. Тыпылдап ары-бери чуркап, «ата», «апа» дегенде ыйлагыбыз келет. Чай сунганычы. Баары келиндүү болдуңарбы дешет, жок, кыздуу десек таңкалышат. 

Байбичем аны менен дүкөнгө барганды жактырат. Экөө сулууланып келишет. Жашарып дагы калды. Уулума бөлүнүп жашагыла деп айттык. Келиним болбой койду, «апам, атамдар менен эле жашайлычы» деп. Сүйүндүк. Эми минтип сыйын көрүп отурабыз. 

Кечээ уулум менен кызыбыз бизге сүйүнүчтүү кабар айтышты. УЗИден кыздуу болушарын билишиптир. Кыялдар баары бир орундалат экен. Карылыгыбз буйруса жакшы өтөт экен. Кызыбыз келгенден бери бактыбыз тоодой. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Биринчи таанышууда жигитке телефонумду берсемби же жокпу деген айымдарга кеңеш

Биринчи таанышууда жигитке телефонумду берсемби же жокпу деген айымдарга кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.