AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келинимди кетирем деп жүрүп уулумдун мага болгон сыйын жоготтум

Келинимди кетирем деп жүрүп уулумдун мага болгон сыйын жоготтум

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын эненин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

“Бирөөгө ор казсаң, өзүңө көр казасың” дегендей, тынч эле жашай беришибиз керек экен. Мурда эки жакка чуркап эле ар кимди ушактап басып жүрчүмүн. Бул адаттын зыянынан башка пайдасы жок экенин башымдан өткөндөн кийин түшүндүм.

Уулумду буюм сыяктуу көрүп менчиктеп алгам. Эгер менин айтканымды аткарбаса, “карыган апаңдын сөзүн укпайсыңбы, ушунчалык мени жаман көрөсүңбү”,-деп, калп эле ыйламыш болом. “Макул, сиз айткандай болсун”,-десе мыйыгымдан күлөм.

Ушул жашка келгенде өзүмө эмне жагарын так билбейт экенимди билдим. Баламдын жашоосун тескеп жүрө берип көп нерсени өткөрүп жиберипмин. Көрсө, өзүңдү эч качан арткы планга жылдырбаш керек экен. Балдар эртеби-кечпи чоңоюп, уядан учуп кетишет. Ошондо “аттиң” деп колду тиштебегендей болуш керек туура.

Уулум мен жактырган кызга үйлөнбөй турганын айтканда чалкаман кеттим. “Кантип мага жаккан кыз, сага жакпасын”,-деп ызы-чуу салдым. Акыры ичимен ал кызыңды алсаң кубалап кутулам, ошондо “апам айтканга үйлөнсөм болмок экен дейсиң” дедим.

Келинимдин келгенине үч күн болбой жатып “Күн көрсөтпөө” деген планымды ишке ашыра баштадым.

Өмүр бою менин жанымда болом деген уулум бөлүнөрүн айтты. Ошондо өзүмдү кармай албай, жаңы эле жемемди угуп көзүн жашылдантып турган келиниме жулкундум. Балам кармап калбаса, эмне болорун билбейм… “Апа!” Биринчи жолу уулум мени башкача карады. Көзүнөн мага болгон сыйы жоголгонун байкадым.

Жалгыз калдым. Жатып алып жашоомду көз алдымдан өткөрүп чыктым. Келиниме кылган жамандыктарымды эстеп, өзүмдөн ушунчалык жийиркендим. Мына эми, “апа жүрүңүз чай ичебиз” деген сөзүн сагынып отурам. Эки айдан кийин неберелүү дагы болмокмун. Эх…

Биринчиден ушакчы курбуларымдан кол үздүм. Экинчиден көрө албаган тааныштардан алыстадым. Үчүнчүдөн спорт менен машыгуу үчүн өзүмө кеда сатып алдым. Күн сайын кечинде 5-10 км жөө басып, ойлорумду калыпка келтире баштадым.

Көп өтпөй күзгөгө каранып отуруп бетимде нур пайда болгонун байкадым. Өзүмө ушунчалык сулуу көрүндүм.

Бүгүн 10 эмес, 15 км басууну чечкем. Машыгуудан кийин чарчап үйгө келатсам, эшиктин алдында уулум менен келиним колдорунда бир нерсе көтөрүп турат. Мени көрө калышып, “апа” деп кол булгалашты. Берекелерим десе, жаман апасын кыя албай кайра келишкен тура. Ошол учурда наристенин ыңалаган үнү угулду. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялдар эмне эле болуп бара жатышат

Аялдар эмне эле болуп бара жатышат, үй-бүлөлү эркек менен деле мамиле куруп?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.