Мен 47 жаштамын, эки баланын энесимин. Уулум 30да, кызым 20да. Балам үйлөнүп, бир балалуу болду. Баарыбыз бирге турабыз. Бирок беш жылдан бери келиним экөөбүз тил табыша албай койдук.
Акыркы күндөрү теңтуштай эле айтышып, урушуп кетчү болдук. Ортодо балам эле кыйналды. Келиним экөөбүздү элдештиргенге аябай аракет кылат. Мындай мамилебиз анын турмушуна терс таасирин тийгизеби, деп корком.
Өзүнчө бөлүп коеюн десем, баламды кое бергим келбейт. Ар дайым жанымда болушун каалайм.
Келинимдин да кыялы укмуш. Бир туруп, өзүмдүн мүнөзүмө окшоштурам. Негедир жек көрүү сезими пайда болуп жатат. Кандай чечим чыгарарымды билбей калдым. Кеңеш бергилечи?







