Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул кайын эненин катында, келининин таң калыштуу адаты айтылат.
Саламатсызбы Bilesinbi.kg! Мен силерге таң калычтуу бир окуя айтып берем.
Жакында эле, 24 жаштагы балам үйлөндү. Келиним хиджаб салынат, 21де. Баары жакшы, болгону ал балама “сиз” ,-деп кайрылып, “Актан байке”,-деп чакырат (аты өзгөртүлдү).
Ой тобо, күйөөсүн да байке дейби!? Мен ага, “чогуу жатканда да байке дейсиңби”,-деп айттым. Эч эле укпай койду. Бул адаты кыжырымды келтире баштады. Балама болсо баары бир.
Кошуналар, баламдын достору, туугандар күлүп, шыбырашып калышат. Ал эми келиним кайра өз билгенин кылат. Ага кантип түшүндүрүп айтсам болот? Психологдун кеңешин угайын дедим эле.
Тамара Воронцова, психолог
Урматтуу айым! Коомдогу салттар менен үрп-адаттар өтө чоң мааниге ээ, айрыкча, биздикинде. Сиз жашаган өлкө мурда башка болчу, азыр башка: диний, капиталдык, өзүнүн баалуулуктары бар. Жаңы нерселер ар дайым улуу муун тарабынан кабыл алынбайт.
Азыр жаштар эркектерге, күйөөлөрүнө, досторуна ушинтип кайрылышат, көп учурда мырзалар өздөрү демилгечи болот. Ооба, бул көнүмүш эмес. Бирок, бул алардын чечими болуп саналат! Бизге жагабы же жокпу, алар өздөрү чечет. Кааласа бири-бирин байке десин, кааласа атынан айтсын.
Биздин коом “Эл эмне дейт?” деген принцип менен жашайт, андан өткөн маанилүү нерсе жок. Бирок, жашоодо бул эмес, балдардын бакыты биринчи орунда!
Досторуңузга “бул балдардын чечими, мен аларды ар дайым колдойм”,- деп жооп бериңиз. Уулуңуз башка эркектер сыяктуу эле каршы да эмес экен.
Эгер бул келиниңиздин жалгыз кемчилиги болсо, анда кубаныңыз! Сиз алар менен өмүр бою чогуу жашайсыз, балким, карыганда же ооруганда, ал сизге кам көрөт.
Кыжырданбаңыз! Анын ордуна кызыңыз болсо, кандай болоорун ойлонуңуз, түшүнүп жана кабыл алууга аракет кылыңыз. Келиниңиз да сиздин кызыңыз!







