AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келинибиз келери менен машинадан түшө калып "Кандайсыңар?" деп учурашкан

Келинибиз келери менен машинадан түшө калып «Кандайсыңар?» деп учурашкан

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Атам жашып жиберди»

Кыздар менен сүйлөшө албаган тартынчаак иним үйлөнөрүн айтканда маңдайыбыз жарыла сүйүндүк. Апам эртең эле алып келишин айтып “боорсок жасасам эле болду, калганы баары даяр”,-деп шаштысы кете баштады. Ананчы, көптөн күткөн тилегибиз оңунан чыкканы жатса. Эстесем, ошондо болочок келинибиздин ким экенин деле сурабаптырбыз.

Атам жалгыз уулунун тоюуна катып жүргөн жылкысын тоодон алдыртты. Туугандарга кабар жөнөттүк. Кол-кабыш кылганга келиндер келди. Шарларды үйлөп дарбазага илип, көшөгөнү тарттык. Айылдын диджейи атка конгон Садыр байкени чакыртып, музыка койдурдук. Иним жолго чыгышканын айтып чалды. “Ай, келин келатыптыр, даярдангыла!” Апам жеңелерге буйрук берди.

Көчөнүн башынан машина көрүндү. Бир кыз терезесинен башын чыгарып  бизге колун булгалады. Курбусу го деген ой менен биз дагы булгалап койдук. Үйгө кирип келишти. Машина токтоп, эшиги ачылып, жанагы колун булгалаган кыз чыгып, “Кандайсыңар? Жакшы турасыңарбы?” деп баарыбыз менен учурашып кирди. “Жакшы, айланайын” дегенден башка эч нерсеге жараган жокпуз.

Атамдын буту ооруйт. Очоктун жанында, скамейкада отурган. Жанына басып барып, “Ата кандайсыз?” деп бетинен өптү. Атам жашып жиберди. Көрсө, келинибиз ошо кыз экен.

Апам жоолугун кармаган боюнча турат. Биз арбак көргөн немедей өзүбүздү жоготуп койдук. Баарыбыз унчукпай ыңгайсызданып туруп калдык. Кичинекей сиңдим, «жүрүңүз, мен сизге көшөгөнү көрсөтөм», деп кырдаалды жайгарып кетти.

Бир аздан кийин эле, силер менен чогу отура турайынчы, деп ашканага келип алды. “Быдылдап ар нерсени сүйлөп, баарыбыз менен таанышып чыкты. Бир сыйра чай ичип болгон соң, “эми көшөгөгө отурайын” деди. «Аа, макул» деп кала бердик. Азыр, эстеп күлкүм келет. Баса, мен кайын эжеси болом.

Тыпылдаган мыкты келин болуп чыкты. Тартынбайт. Болгонун болгондой ачык айтат. Тарс-тарс сүйлөп, баарын ордуна коюп коет. Качан үйгө барбайлы, жаркылдап күлүп тосуп алат. Атам менен апама көрсөткөн сыйы укмуш. Жоош иниме ушундай эле кыз керек болчу.

Инимдин ичимдик менен достошкон бир-эки достору бар. Алар үйгө келип инимди чакырса, бир көз караш менен жолдоруна салып коет. Кандай сонун келинибиз бар! Ылайым бактылуу болушсун!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
COVID-19 азыр да коркунучтуу. Төмөнкү белгилер болсо дарыгерге кайрылыңыз

COVID-19 азыр да коркунучтуу. Төмөнкү белгилер болсо дарыгерге кайрылыңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.