Саламатсызбы! Келин болгонума үч жыл болду. Бир балам бар. Жаңы турмуш курганда кайын-журтум менен төрт ай жашап, Россияга кеткенбиз. Андан кийин, балам менен Кыргызстанга бир барып келдим. Кайын энемдин колунда менден башка дагы эки келини бар. Алар менен батышуу кыйын болду. Жанымда күйөөм жок стресс болуп жүрдүм. Кайра Россияга кетейин дегенде кайын-журтум, «барбай эле кой, балаң менен күйөөңдүн тапкан акчасын жейсиң»,-деп туруп алышты. Жолдошум болбой балам менен алып кетип калды. Ошол күндөн бери кайын-журтум менен катышкым келбейт. Көңүлүмдү аябай калтырышкан. Ал жакта жүргөндө ар бир күнүм тозок менен өттү. Алар бул жасаганы үчүн кудай алдында жооп береби? Алар менен катташпай койсом күнөөгө батамбы?







