AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келинчегимди көрсөм эле калп айтып баштайм деген күйөөнүн баяны

Келинчегимди көрсөм эле калп айтып баштайм деген күйөөнүн баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн  катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эл катары үй-бүлөм бар. Келинчегимди сүйөм, сыйлам. Анын дагы мага болгон мамилеси ушундай. Сырттан караган адамга бактылуудай көрүнүшүбүз мүмкүн. Бирок, менин айыман үйдө күн алыс уруш чыгат.

Идеалдуу көрүнгүм келеби же бул бир оорубу билбейм, келинчегиме калп айта берем. Дос-туугандарым бул адатым тууралуу билбейт, анткени аларга ар дайым чын сүйлөйм. Мени так жүргөн, калп айтпаган киши  катары таанышат. Канча аракет кылсам деле, келинчегимди көрөр замат баягы адатымды баштайм.

Ала жипти өмүрү аттаган эмесмин, жумушум бүтөөрү менен тапканымдын баарын көтөрүп алып, түптүз үйгө жөнөйм.

Аялыма кошулуп кайын-журтум мага ишенбей калды. Калпым баары бир билинип калат. Минтип отурсам аягы жакшылыкка алып барбайт. Кызымдын атасыз өсүшүн каалабайм. Келинчегимдин ишеничин актасам дейм. “Эмнеге мен калп айтам?” деген суроону өзүмө миң ирет бердим. Жооп жок.

Адис кеңеш берет

Виталий Пукаев, Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Катыңыз эки башка сезимдерди калтырды: кайгы, өкүнүү жана чыңалуу. Сурооңузду окуп жатканда карама-каршылыктарды байкабай коюу мүмкүн эмес: бир жагынан, өнөктөшүңүзгө жана анын сизге болгон “сый” жана “сүйүү” сезимдерин, ошол эле учурда, «туруктуу калп» көйгөйү бар экендигин баса белгиледиңиз. Мындай жүрүм-турумуңуз сизге тоскоол болгонун да айттыңыз.

Бул нерсе каалооңузга карабастан ишке ашып, сиз башкара албай тургандай сыяктуу. “Өзүнөн-өзү болуп жатат” дейсиз, бирок башкалар менен болгон мамилеңизде андай эмес. Ошондуктан, көйгөйдү майда-чүйдөсүнө чейин түшүнүп, сизге кеңеш берүү үчүн, менде бир катар суроолор пайда болду. 

Мамиледеги калп —  татаал көрүнүш. Калп — бул фантастика, калп — бул оюн, калп — бул манипуляция жана көзөмөл, калп — бул агрессия жана өзүн өзү көрсөтүүгө же көңүл бурууга аракет кылуу. Корккондуктан калп айтуу, кесепеттерден же өнөктөшүбүздүн көңүлүн калтыруудан чочуркап калп айтуу ж.б.

Кандай болбосун, кандайдыр бир себептерден улам мамиледеги ишеним жана коопсуздук жоголгон сыяктуу, себеби сиз ортодогу түшүнбөстүктүн бузулушу жөнүндө дагы кеп козгодуңуз. Кааласаңыз, келинчегиңиз менен бирге психологго кайрылып, жуптардын терапиясынын өтсөңөр болот.

Экинчи тараптан алганда, катыңыздын ар бир сабында кечирим сурап, актангандайсыз. Сизди эч ким күнөөлөгөн жок, бирок сиз «жакшы» аракеттериңизди жана ниеттериңизди тизмелеп жатасыз. Балким, бул көйгөй өзүн-өзү төмөн баалоо, ошондой эле жоопкерчилик жана бийлик менен байланыштуу.

Акыр-аягы, эс тартып калган чоң кишисиз жана бул сиздин үй-бүлөңүз, бирок сизге бир нерсе тоскоол болуп жатат. Ортоңордогу мамиле жана сиз тууралуу пикирлер сиз үчүн маанилүү экени көрүнүп турат. Балким сиз менен индивидуалдуу иштегенден кийин гана бул калптын себеби билиниши мүмкүн. Психолгго кайрылып кеңеш алып көрүңүз.

Бактылуу болуңуз!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Спектаклдан түшкөн акчаны режиссер алабы? Театр режиссеруна 10 кызыктай суроо

Спектаклдан түшкөн акчаны режиссер алабы? Театр режиссеруна 10 кызыктай суроо

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.