Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ортобузда бир бала бар. Кийин себепсиз эле кетип калды, ата-энең менен жашабайм дейт. Баш кошкондон бери ата-энемди ата-апа деп айта албай койду.
Эми кетип калганына өкүнүп жатат. Алып келейин десем, энем каршы. “Бул аял сени жыргатпайт, жашаба. Алып келе турган болсоң биздин үйгө келбе” – дейт. Чынын айтсам өзүмдүн сезимдерим деле калган жок. Бирок ортодо балабыз бар. Ал эмне болот? Эмне кылышты билбей турам?







