Саламатсызбы. Менин суроом юристке. Мен 2015-жылы Бишкектен батир алуу үчүн төрт жылга 400 миң сом кредит алгам, батирди да сатып алдык. Кийин келинчегим мага айтпастан үйүбүздү сатып жиберген. 2016-жылы келинчегим менен ажырашып кеттим. Ортодо бир кызыбыз бар, ЗАГС жок. Кредиттин баарын мен төлөдүм. Сотко арыз жазсам болобу? Менде баардык документтер төлөгөн квитанцияларым бар. Келинчегим мага чейин эки жолу турмуш курган, мен үчүнчүсүмүн. Алардан да квартира алдырганын угуп калдым. Кандай чара колдонсом болот? Алимент төлөймүнбү ошондо? Мүмкүн болсо, эртерээк жооп алып берсеңер. Рахмат
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







