AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келгиле

Келгиле, туура боёнгонду үйрөнөбүз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бьюти блогерлер – туура боёнууну, бат жана жарашыктуу чач жасалгалоону үйрөтүп, стилдүү кийинүүгө көмөктөшөт. Алардын блогдоруна көз чаптырып турсаңыз мода жана сулуулук жаңылыктарынан артта калбайсыз. Сиздерге YOU TUBE дагы орус жана кыргыз тилдүү бьюти блогерлерди сунуштайбыз. 

ТОП 5 орус тилдүү бьюти блогерлер

  1. АННА ОВСЯНКИНА (ESTONIANNA)

Жазылуучулары: 799 931

Анна Овсянкина музыкалык билимдин ээси, Таллинде туулуп өскөн. Ютубдагы блогун хобби катары 2011-жылы баштаган. Бул ишине баласынын төрөлүшү дагы тоскоолдук кыла алган эмес. Тескерисинче, энелерге арналган блогдор жаралган.

ESTONIANNA каналы чач жасалгалоого, туура боёнууга арналган сабактарга бай. Люкс жана жөнөкөй косметикалардын айырмасын салыштырган видеолор бар. Жаңы чыккан косметикалык каражаттарды колдонуп, аягында өзүнүн жеке оюу менен жыйынтык чыгарып берет.

 

  1. ЕЛЕНА КРЫГИНА (ELENA KRYGINA)

Жазылуучулары: 829 193

Елена Крыгина —  мыкты визажист. Ютуб каналын професионалдуу макияж сабактарына толтурган. Ал ютубда гана популярдуу  эмес. 2010-жылы, 23 жашында Make-up Art School студиясын ачкан. Азыркы учурда бул креативдүү группа стилист жана визажисттерди тарбиялап чыгарат.

Елена ютуб каналын 2012-жылы ачкан. Анын өзгөчө бет түзүлүшү ар кандай образдарды жаратууга ылайыкталгандай. Елена туура боёнууну гана эмес чач жасалгалоонун сырларын да бөлүшөт.  

3.ТАТЬЯНА СКЛЕМИНА (WOMENBEAUTY1)

Жазылуучулары: 1 388 709

Сиздин чачыңыз узун же орточобу? Чачыңызды өрүп же же тататаал чач жасалгалоосун кылууну каалайсызбы? Анда “WOMENBEAUTY1” ютуб каналына баш багыңыз. Татьяна Склемина жөнөкөй жана түшүнүктүү видео сабактарды каналына жүктөп, бул же тигил чач жасалгалоону этаптары менен көрсөтүп берет.

Склемина Краснодар шаарынан жашоочусу, ал өзү жөнүндө эч нерсе айтпайт жана өзүн видеого тартпайт. Кадрдан анын колун жана париктери алмашып турган маникенди гана көрүүгө болот. Мунусуна карабай анын жазылуучулары көбөйгөндөн көбөйүп барат.

  1. СОНЯ ЕСЬМАН

Жазылуучулары: 1 837 375

Сонянын жазылуучулары анын англис акценти менен сүйлөөрүн жакшы билишет. Ал Санкт-Петербургда туулган. Беш жашында Канадага кетип, ошол жактан моделдик карьерасын баштаган. Азыр Нью-Йорк шаарында жашайт жана иштейт.

Башка бьюти блогерлерден айырмаланып Соня макияж сабактарын тартпайт. Ал ар кандай бренддеги кийимдердин жарашыгын, байланышын өзүнүн влогунда айтып берет. Дагы бир өзгөчөлүгү анын жогорку деңгээлде тартылган жана монтаждалган виделору. Ошондой эле блогер дүйнөнү кыдырып саякаттайт, съемкаларга жана мода көрсөтүүлөрүнө даярданат жана Нью–Йорктун көчөлөрүн кыдырат.

1. MARIA WAY

Жазылуучулары: 4 352 042

Maria Way – Россиядагы эң популярдуу бьюти блогер. Мындан сырткары, ал ютубдагы атагы чыккан Россиялык үч кыздын (Кати Клэп жана Саши Спилберг) катарын толуктайт.

Мария Вэй (чыныгы фамилиясын сыр бойдон сактайт) Тамбоведе туулган жана кадрга түшүүнү окуучу жылдарында баштаган. Өзүнүн жеке баракчасын 2012-жылы негиздеген. Чачка, денеге, бетке кам көрүү сырларын, жана башка аял затына арналган темаларда өзүнүн блогун даярдайт. 

Канал бат эле жазылуучуларды топтогон. Буга Машанын сүйкүмдүү жүзү жана харизмасынын мыктылыгы себеп болгон. Ал ар кандай видеолорду тартат, анын ичинде влог жана скетчтер да бар.

Кыргыз тилдүү бьюти блогерлер

1. Gulum

Жазылуучулары: 46 766

Гүлүм өзүнүн ютуб каналын кыргыз тилдүү блогерлердин жоктугуна байланыштуу ачкандыгын айтат.

Канал сулуулук сырларына арналган. Айымдардын жүзүнөн баштап тырмагына чейин кантип кам көрсө болоорун айтып берет. Айтмакчы, сунуштаган ыкмаларынын баары Гүлүмдүн сынанан өтөт.

 

2. Дария Батырханова

Жазылуучулары:18 010

Дария Батырханова өзүнүн ютуб каналын 2013-жылы негиздеген. Ал кыргыз тилинде кантип туура боёнуш керектигин айтып берет. Макияждын ар кандай түрүн көрсөтөт. Ошондой эле ар түрдүү брендеги косметикалар менен боёнуп көрөт. Өзүңүз үчүн визажист болууну кааласаңыз Дариянын ютуб каналына кош келиңиз. 

Сулуулук дүйнөнү сактайт! 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Ширин сөздөрүнө арбалып

"Ширин сөздөрүнө арбалып, намысымдан ажырадым"

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.