Саламатсызбы. Мен 17 жаштамын, кекечтенип сүйлөйм. Кээде шар эле сүйлөйм, бирок айрым учурларда бир сөздү толук айта албай кыйналам.
Бир жигит мени жактырып, үйлөнөлү деп жүрөт. Бирок мен каршымын. Сүйлөй албай кекечтенип отурсам уят болом да, туурабы?
Кекечсиң деп көп шылдыңдашат. Аларга капа болбойм, бирок ичимен жаман болом. Кантип ушул нерседен арылам?







