AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Каза болгон жигитимдин үйүнө келин болуп барганымды билбепмин

Каза болгон жигитимдин үйүнө келин болуп барганымды билбепмин

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Студенттик кез. Ал менин биринчи сүйүүм болчу. Окуудан башым чыкпаган жаным, кыз-жигит болуу эмне экенин аны жолуктурганда билдим. Мени ар дайым университеттин алдында күтүп турат эле. Кыштын күндөрү боорум ооручу. Мен чыккыча жука кеда менен курткачан тоңуп калчу. Ошондо дагы, «үшүгөн жоксуңбу, курткамды берейинби» дейт эле. Курткасын албаш үчүн болушунча жылуу кийинип келет элем. 

Күзүндө окууга келип таппадым. Жайында экөөбүз тең айылдарыбызга жөнөп кеткенбиз. Сентябрды аябай күттүм. Мына жолугабыз деп турганда, жок болуп кетти. Телефону өчкөн. Таштады деп ойлодум. Ооба, таштаптыр. Бирок башка кызга эмес…

Досу авариядан каза болгонун айтты. Анда жаш экем. Тынбай ыйладым. Бирок, айылына, үйүнө барбадым. Кош деген боюнча калдым. Апам дагы келечегим алдыда экенин айтты. Ишенбедим. Бирок, апамдыкы туура болуп чыкты. 

— Бул улуу балам болчу. Жол кырсыгынан каза болуп калган. Берекем, аябай кичипейил эле. Сүйлөшкөн кызын дагы таанышьтырганга үлгүрбөдү. 

Мен шок. Бир убакта келин болуп келем деген үйгө келдим, бирок жигитиме эмес, анын инисине. Сүрөттө жигитим күлүп турат. 

Күйөөмдүн апасы кичинесинде каза болуптур, аны апасынын сиңдиси, менин маркум жигитимдин апасы багып чоңойткон экен. Мына кызык… 

Кайын энем ушундай ак көңүл аял. Кудум ага окшош. «Үшүгөн жоксуңбу, каралдым» деп сураганда бир кездеги сүйүүмдү эстейм. Бирок, бул сыр ичимде калып кетет. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
“Айыл Банктан” пайызсыз насыя алгысы келгендер үчүн сонун маалымат

“Айыл Банктан” пайызсыз насыя алгысы келгендер үчүн сонун маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.