AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кастык тили деген эмне?

Кастык тили деген эмне?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Демократия баалуулуктарынын пропаганда менен күрөшүүдөгү ролу

Пропаганда өкүм сүргөн мамлекетте коом өнүкпөйт. Мындай элди башкаруу оңой. Ошондуктан авторитардык өлкө башчылары ушул ыкманы кеңири колдонушат. Ал эми пропаганданын негизги куралы – бул кастык тили.

Кастык тили деген эмне?

Кыргызстандын мыйзамдарында же эл аралык укук талаасында  кастык тили боюнча бирдиктүү аныктама жок, бирок жалпы белгилери бар. Алар адамдардын улуту, жынысы, этносу жана тутунган динине карата айтылган дискриминациялоо сөздөрү.  

“Биздин мыйзамдарда дискриминациялык билдирүүнүн  категориялары так жазылган. Мисалы  жарандардын улуту, этносу, дини, аймагы жана расасына асылууга болбойт. Бирок акыркы учурда укук коргоо органдары бийлике каршы сын айткандарды дагы араздашууну козутуу катары карап жатышат. Чынында мамлекеттик чоң кызматтагыларды сындаганга жарандардын  укугу бар. Анткени ар бир адам оюн эркин билдире алат жана ага  Конституция жол берет. Алар жасаган  жумушуна жараша сынга кабылат”.                                                     

                                 Алтынай Исаева юрист, “Институт Медиа Полиси”

Кылмыш-жаза  кодексине ылайык  кастык тилин козуткандар 100 000 сом өлчөмүндө айып төлөйт же 5жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

“Жарандарды кастык тилин пайдаланды деген шылтоо менен дароо эле камап, эркинен ажыратып салуу туура эмес. Жаза берээрден  мурун  эскертүү берүү, коомдук жумуштарга, административдик  жоопкерчиликке тартуу сыяктуу чаралар колдонулуш  керек”.

                                       Алтынай Исаева юрист, “Институт Медиа Полиси”

Кыргызстан демократиялуу мамлекет, мыйзамдын  жана соттун  алдында бардык жарандар бирдей укукка ээ. Эч ким гендердик, диний, расалык  ж.б. басмырлоого кабылбашы керек. Бул адамдарда стереотиптердин калыптанышына жол ачып, коомдо ажырымды пайда кылат. Кыргызстандын бардык жарандары тең укуктуу экенин ар бир киши түшүнгөндө гана  демократиялык баалуулуктар өнүгөт.

Демек, калкты ар кандай белгилери боюнча топторго бөлбөй, тандалма мамиле жасабай адам катары кабыл алганда коомго пропаганданын таасири азаят экен.  

Кастык тили менен күрөшсө болобу?

Албетте кастык тилине тыюу салуу-маселени чечпейт, себеби бул жек көрүү  кандайдыр бир социалдык топко карата таңууланган стереотиптик көз караш. Кастык тилине ар бирибиз кабылышыбыз мүмкүн.

“Басмырлоого кабылгандар аны биринчиден, “бул  менин күнөөм эмес”- деп түшүнүш керек. Анткени сизди кемсинткен адам  стереотиптер жана бейкалыс көз караш боюнча жашайт же атайын жаман атты кылуу максатын көздөйт. Кастык тили менен күрөшүүнүн башкы куралы жарандардын билим деңгээлин жогорулатуу, агартуу, медиа сабаттуулугун  арттыруу, критикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү болуп эсептелет. Мамлекет сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуусу шарт.  Калктын маалыматты аналитикалык көз караш менен кабыл алуу жөндөмдүүлүгү өрчүгөндө гана бийликтегилердин коомго таасир этүү  күчү азаят”.

                                       Алтынай Исаева юрист, “Институт Медиа Полиси”

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Патриоттуулук дегенди адамдар кандай түшүнөт?

Патриоттуулук дегенди адамдар кандай түшүнөт?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.