AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кашардан тапкан сүйгөнүм мени таштап Россияга кетип калды

Кашардан тапкан сүйгөнүм мени таштап Россияга кетип калды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен деле “сүйүүм” менен бөлүшүп кетейинчи. Мектепти бүткөндөн кийин шартыбызга байланыштуу чоң окуу жайга тапшыра алган жокмун. Шарт дегенде кандай, шаарда жашаганга туугандарым жок, ата-энемдин мени камсыздаганга чама-чаркы жетпейт. Анан да өзүм жалгыз баламын.

Классташтырымдын баары Бишкекке сапар алышты. Айылда мен эле жалгыз калгандай болдум. Башында көнө албай, убакытым өтпөй кыйналдым. Эртең менен эрте турам, бир ат, уй музоосу менен, анан 4-5тей кой, эчкиге чөп салам, сугарам, кайтарам. Кыскасы ошол мал менен алек болмой.

Кышкы каникулда шаардан классташ досторум келди. Болгон жаңылыктарын айтып, Бишкекти мактап бүтө алышпай койду. 
— Доске, жанагы бар го Беш Сарычы, Ош базар жактагы. Ошол жактан такыр телефон албаш керек экен деп кой.
— Ооба, эми билдиңби? Андан көрө ЦУМдан ал да.
— Иий, өткөндө Жомалар болуп Политех жактагы “игровой клубга” барып, акчабыз жетпей калып таң аткыча Калысты күттүк деп кой.
— Ха-ха-ха!

Чогуу эле баарлашып олтурганбыз, бирок кайсы жактар жөнүндө айтып жаткандарын түшүнгөн деле жокмун. Шаарды көрө элек болсом түшүнбөйм да.

Ошентип кыштан аман-эсен чыгып, жазда малдарды Токтор деген байкеге кошуп бергени жөнөдүм. Алар биздин айылдан өйдөрөөк кашарда турушат.

— Кел балам, кептен салып, чайдан ич. Айылда эмне жаңылык. Тиги Аваз байке жылкыларын кимге кошот экен?
— Билбейм байке. Ал тууралуу деле кабарым жок, атам эле билбесе.
— Аа жакшы, тиги…

Менин көзүм сыртта кир жайып жүргөн кызга түштү. Ак жумал, жылдыздуу кыз экен. Байкашыма караганда мени менен теңдей. Токтор байкенин мен менен тең кызы жок да. Бул ким болду экен?

— Сырттагы сиздин кызбы?
— Ээ жигит! Сен менин сүйлөгөнүмдү укпай элесиңби?
— Сиздин чоң кызыңыз жок элего?
— Эмне күйөө бала болгуң келип кеттиби? Инимдин улуу кызы. Конокко келген.

Үйгө келип бир уктай алсамчы. Оюмдун баары эле тиги сулууда. Таанышып көрсөм болмок. Учурашып деле койбой. Эртең малды сурамыш болуп барсамбы? Кайдан келди болду экен? Ээ, бир айласы табылар. Мени карайт болду экенби?

Үчүнчү жолу барганда атын сурадым. Алина экен. Чынында сулуу, сүйкүмдүү, жароокер. Ичимден келечекти кура баштадым. Алина менин жубайым болду. Экөөбүз чогуу шаарга барып чоң окуу жайга окумай болдук, мен машина алдым, Алинаны салып алып шаар айландырдым, үй алып, ата-энемди шаарга алып келдим.

— Ээ бала, биз жакты эле айланчыктап калдың го?
Токтор байкенин катуу үнүнөн кыялдарым учуп кетти.
— Жок, тиги атам эле сурап кой дегенинен келгем.

Алтынчы жолу кашарга барсам сүйгөнүм жок экен. Россияга окууга тапшырганы кетиптир. Одноклассникиден издеп таптым, бирок жазган жокмун. Ал жерден башка жигит таап алса керек. Ошо менен бир жарым айлык “сүйүүм” бүткөн. 

Азыр досторум мактап бүтпөгөн Бишкектемин. Эмерек жасаган цехте иштейм. Буюруса чыныгы сүйүүмдү тапсам үйлөнөм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

«Мачо» жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Катталуучу топтош үчүн сөзсүз ГИВге катышуу керекпи? SMM’ге 10 кызыктай суроо

Катталуучу топтош үчүн сөзсүз ГИВге катышуу керекпи? SMM’ге 10 кызыктай суроо

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.