AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Каржы алиппеси

Каржы алиппеси

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Банк кызматкерлери тарабынан колдонулган каржы терминдери көп учурда бизди ыңгайсыз абалга калтырып коёт. Түшүнбөй калган сөзүбүздү сурагандын ордуна түшүнгөн киши болуп олтура беребиз. Мындай жагдайда калбаш үчүн, сиздер үчүн негизги банктык терминдердин кыскача сөздүгүн даярдап койдук. 

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине төлөмдөрдү нак жана нак эмес түрдө өткөрүүнү кошо алганда, банк кардарларынын, карт ээлеринин, сервис пайдалануучулардын нак акча каражаттарын депондоштуруу (кабыл алуу)/берүү үчүн каралган терминал.

Аккредитив

Белгилүү бир акча суммасын жеке адамга же юридикалык жакка ушул документте көрсөтүлгөн шарттарга ылайык төлөп берүү тапшырмасын камтыган документ. Акчалай аккредитивдер жеке өзүнө берилген болуп саналат; ал аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы белгилүү бир мезгил ичинде толугу менен же бөлүп-бөлүп алууга өбөлгө түзөт.

Акцепт

Төлөөчүнүн акча жана товардык документтерге төлөөгө макулдугу. Акцепт товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн эсептөөлөрдө колдонулат. Мында төлөм, товар жана кызматтарды сунуштоочулар жазып берген эсептешүү документтери боюнча төлөөчүнүн макулдугу (акцепти) менен ишке ашырылат.

Андеррайтинг

Андеррайтинг – 1) андеррайтер менен түзүлгөн келишим шарттарында рынокко баалуу кагаздарды алгачкы жайгаштыруу; 2) камсыздандырууда: тобокелдикке баа берүү.

Аудит

Бул, чарба жүргүзүүчү субъекттердин отчетторунун, эсепке алуу системасынын тактыгын, алардын толук камтылышын жана колдонуудагы мыйзамдарга жана белгиленген ченемдерге ылайык келүүсүн аныктоо максатында, алардын бухгалтердик жана финансылык отчетторунун документтерине, баштапкы документтеринин, финансылык жана чарбалык ишине тиешелүү башка маалыматтардын эсепке алынышына көз карандысыз иликтөөлөрдү жүргүзүү. Аудит тышкы, ички, маалымат технологияларына жүргүзүлгөн аудит, адистештирилген аудит болушу мүмкүн.

Баланс

Эки бөлүктөн турган сандык катыш, алар бири-бирине дал келүүгө тийиш, анткени ал бирдей сандагы акчанын, товардын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын түшүндүрөт. Мисалы, товарлардын экспорту жана импорту бирдей болуп, алардын запасы сакталып турган шартта, белгилүү бир мезгил ичинде аларды өндүрүү менен керектөөнүн тең салмакта экендиги (балансы) байкалат. Баланс физикалык өлчөө жана акча формасында (нарктык өлчөө) түзүлөт. Ар түрдүү баланстар бүтүндөй өлкөнүн чарбалык ишине (бюджеттик баланс, төлөм балансы, тармактар аралык баланс), фирманын чарбалык ишине (бухгалтердик баланс, негизги каражаттар балансы, финансылык баланс), үй чарбаларына (үй-бүлөнүн кирешелери жана чыгашалар балансы, керектөө бюджети) талдап-иликтөлөрдү жүргүзүү, эсепке алуу, пландаштыруу максатында колдонулат. Эгерде, келип түшүүлөр төлөмдөр көлөмүнөн артып кетсе баланс активдүү катары эсептелинет, б.а. алгылыктуу калдык байкалат, мындай деңгээлге жетишилбесе баланс пассивдүү катары саналат.

Банктык карттар эмитенти

Карттарды тиешелүү төлөм системаларынын технологияларына жана ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырган коммерциялык банк.

Депозит

Депозит – бул, финансы-кредит мекемеси тарабынан убагында кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында башка жактардан келишим боюнча тартылган акча каражаттарынын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү болуп бөлүнөт.

Күрөө

Карыздык милдеттенмелерди карыз алуучунун мүлкүн кредиторго сунуштоо аркылуу аткарылышын камсыз кылуу формасы. Карызгер милдеттенмесин аткарбай койгон учурда, кредитор күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттардан кредиттин суммасын кайтарып ала алат. Мында, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк күрөө предметинен болушу мүмкүн.

Инвестициялар

Пайда алуу же капиталда катышуу же болбосо катышууну көбөйтүү түрүндө финансылык пайда алууга жетишүү максатында активдерди сатып алуу.

Банктын инсайдери

Банктын инсайдерлери – банк Башкармасынын мүчөлөрү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгон кайсы болбосун башка адамдар.

Ипотека

Бул, кыймылсыз мүлккө менчик укугунун же башка мүлк укугунун күрөөсү астында акчалай же акча формасында туюндурулган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо ыкмасы. Ипотека келишими боюнча бир тарап, ипотека менен камсыздалган милдеттенме боюнча (негизги милдеттенме) кредитор болуп саналган – күрөө кармоочу ошол милдеттенме боюнча карызгерге карата өзүнүн акчалай талаптарын күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн наркынан же башка тараптын – күрөө коюучунун мүлктүк укугунан (ипотека предметинен) канааттандырып алууга укуктуу.

Облигация

Өкмөттүн же фирманын карыздык милдеттенмесин түшүндүргөн, карыздын жана белгилүү бир убакыт ичинде акчанын, утуштун белгилүү бир суммасын дайыма төлөп туруу формасында пайыздык төлөмдөрдүн номиналдык наркынын ээсине кайтарылып берилишин гарантиялаган баалуу кагаз.

Карыздарды реструктуралоо

Карызды кайра өзгөртүп түзүү, кредитор сыяктуу эле, карыз алуучунун катышуусу менен түзүлгөн, эки тараптуу келишимдин натыйжасы болуп саналат, карызды тейлөө шарттары ага ылайык өзгөртүлүп түзүлөт. Карызды кайра өзгөртүп түзүү кайра тариздөөнү, кайра каржылоону, карызды кечүүнү, конверсиялоону жана карызды мөөнөтүнөн мурда төлөөнү камтыйт.

Факторинг

Факторинг – бул, карызгерге карата талаптарды алуу жана карыздарды өндүрүү. Мында бир тарап (финансы-лык агент) экинчи тарапка (кардарга) кардардын товар-ларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүдөн улам, үчүнчү жакка карата келип чыккан, анын акчалай талаптарынын эсебинен акча каражатын берет же берүүгө милдеттенет, ал эми кардар финансылык агентке ошол акчалай талапты ыйгарып берет же ага милденттенет.

Карта-Эквайринги

Эквайрингди жүзөгө ашырууга уруксат алган коммерциялык банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына жана технологияларына ылайык өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизацияны же транзакцияны жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүнүн ээси.

Интернет-банкинг

Кардардын интернетти пайдалануу аркылуу өз банктык эсептерин аралыктан тескөөсү.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эмне үчүн адамдар үй-бүлө курат?

Эмне үчүн адамдар үй-бүлө курат?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.