AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Карызын алалбай жүргөндөр үчүн сонун маалымат

Карызын алалбай жүргөндөр үчүн сонун маалымат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Бирөөгө карыз берип алалбай жүрөсүзбү? Же карызын алалбай жүргөн тааныштарыңыз, дос-туугандарыңыз барбы? Анда юрист Ширин Алмазованын кеңештерине кулак салыңыз. 

Эгер ортодо келишим түзүлгөн болсо

Эгер карыз акча бергендигиңиз тууралуу келишим түзсөңөр, же ал адам сизден карыз акча алгандыгы тууралуу тил кат (расписка) жазып берсе, анда  доо арызыңыз менен райондук сотко кайрылсаңыз болот. Карыз алган адамдын жашаган жерине караштуу сотко кайрылуу керек. Ал үчүн өндүрүлдүп жаткан суммадан 10% өлчөмүндөгү мамлекеттик төлөмдү төлөп, квитанциясын доо арызга тиркеп коюңуз. Андан тышкары келишимдин же тил каттын көчүрмөлөрү,  паспортуңуздун көчүрмөсү, жана иш боюнча далил болуп берчү башка документтер да тиркелет.

Эгер ортодо эч кандай документ жок болсо

Ал эми келишим түзүлбөсө жана эч кандай документ жок болсо, акчаңызды кайтарбай жаткан адамга каршы доо арыз менен ички иштер органдарына кайрылсаңыз болот. Доо арыз кылмыштыр жана жоруктар боюнча биридиктүү реестр журналына катталат. Сизге тиешелүү кабарлама –талон (талон-уведомление) берилет. Аны менен иштин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзө аласыз.

Сиз айтып жаткан абал боюнча акчаны алып жана кайра кайтарбай жаткан адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 204-беренеси боюнча каралат. Бул берене кылмыштын курамында шылуундук бар экенин эске алат.

Чоң суммадагы акчаны карызга берип жатканда эмнелерди эске алуу керек?

  • Бериле турган акчанын суммасы 1000 сомдон ашык болсо, анда карыз берүүчү жана карыз алуучунун ортосунда жазуу түрүндөгү келишим түзүлүшү зарыл.
  • Бериле турган акчанын суммасы 50 000 сомдон ашык болсо, анда ортодогу түзүлгөн келишимди нотариалдык конторадан күбөлөндүрүү керек. Болбосо келишим жараксыз деп табылып, акча каражатын кайра кайтаруу кыйынга туруп калат.
  • Бериле турган акчанын суммасы өтө чоң болсо, акча каражатын кайра кайтарып берилүүсүн камсыздоо үчүн, мүлктү (кыймылдуу же кыймылсыз) күрөөгө алуу тууралуу келишим түзсө болот.

Андан тышкары карыз алып жаткан киши өз колу менен жазган тил кат жазып берүүгө милдеттүү. Тил кат төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

  • Карыз алып жаткан кишинин толук аты-жөнү;
  • Карыз алып жаткан кишинин паспортундагы маалымат;
  • Катталган дареги;
  • Алып жаткан акчанын суммасы;
  • Кайсы күнү алды;
  • Кайсы күнү кайтарып берүүнү милдеттенет;
  • Тил кат жазылган күн;
  • Карыз алган кишинин колу.

Ушундай иш аракеттер менен гана өзүңөрдүн коопсуздугуңузду камсыздай аласыз.

Лайк басып, бөлүшкөндү унутпаңыз.

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Келининин сыйын көтөрө албай уят болгон кайын эженин окуясы

Келининин сыйын көтөрө албай уят болгон кайын эженин окуясы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.