Саламатсызбы! Карындашымдын өтүп кеткенине 5 жылдын жүзү болду. Ушул убакка чейин асынып алды дегендерине ишенбейбиз. Моргдогу сүрөтүндө моюнунда жиптин изи жок. Үйүндө асынып турганын кайын иниси менен кайын энесинен башка эч ким көргөн эмес (ал кезде кызы 2 жаш, баласы 4 айлык болчу).
Терөөчүгө акча берип, карып калган атама доом жок деп кол койдуруп алышкан экен. Биз окуя болгон учурда Россияда элек. Келип арыз жазып кайрылсак, тергөөчү менен прокурор алмашып, ишти жаап коюшту. Акыры бир тергөөчү «жогорку соттон ишти жап, күчтүү таанышың болбосо арызың каралбайт» деп чалып жатат. Эмне кылсак болот? Өлтүрдү деген кайын инисин көргөн сайын жүрөгүбүз эзилет.







