AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Карындаштуу болгондон кийин кыска юбка кийген кыздарга тийишпей калдым

Карындаштуу болгондон кийин кыска юбка кийген кыздарга тийишпей калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Көтөрбөйм, кичинекей экен. Жок, ай, алыңызчы.

— Апей ботом, байкеси дагы ошентмек беле.

Ошентип карындаштуу болдум. Буга чейин үйдүн жалгыз баласы болуп жалгыздыкка көнүп калгам. Биринчи күндөрү, түндө ыйласа чыдай албай дос баламдын үйүнө кетип калат элем. Баса, мен 10-классмын. «Экзаменге даярданам» деген сонун шылтоо тапкам.

Басып калды. Ары бар десем деле болбой, улам мага оюнчуктарын алып келе берет. А мен качам. Бала менен отургум келбейт. Анын үстүнө карындашым менен. Досторум шылдыңдайт.

Ушул жерден атам менен апама рахмат, бир дагы жолу бала кара деп, карабасам да урушкан жок. «Балам өзү бала» дешип кайра мени эркелетишет.

Бир күнү сыртта ойноп жүрүп кулап, тизесин канатып алыптыр. Ыйлап мага келди. Бутун жууп, байлап жатсам, мени кучактап өөп койду. Өзү болгону үчтө. Мен ошондо өзгөрдүм. 

Байке болгон жакты. Карындашымды ээрчитип алып дүкөнгө барам. Кечинде сүрөт тартабыз. Мультфильмдердин баарын көрүп чыктык. Сабактан келатсам чуркап тосуп алат. 

Кыздарга болгон мамилем өзгөрдү. Мурда классташ кыздарым менен урушуп кетсем, сөгүп салат элем. Азыр унчукпайм. Кайра аларга жардам берем. Карындашым машина айдаганды жактырат. Жанагы чоң оюнчук машина алып берели десем, чоң атам «кыздар айдабайт» десе болобу. Урушуп кеттим. Эмнеге айдабайт, эмнеге кыздарга болбойт деп, акыры алдыртып бердим. Карындашым ушундай сүйүндү. 

Мурда кыздарды шылдыңдап, кыска юбка кийип алышса жаман сөздөрдү айтып тийишет элем. Азыр антпейм, анткени менин да карындашым чоңоет. Ар бир кызга аяр мамиле жасап калдым. 

Карындаштуу болгондон бери өзгөрдүм. Экөөбүз ушундай жакын болуп калдык. Карындашымдын укугун талашып жүрүп баарына жаман көрүндүм. Биздин коомдо кыздарга кандай кыйын экенин билдим. 

Карындашым бүгүн төрткө чыгат. Туулган күнүнө робот сураган. Чогулткан акчаларымды алып базарга баратам. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Кантип айфонго акча чогултса болот? Өспүрүмдөргө 5 кеңеш

Кантип айфонго акча чогултса болот? Өспүрүмдөргө 5 кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.