AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Карылар жана майыптар кайда жашашат

Карылар жана майыптар кайда жашашат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстанда социалдык жардамга, кароого жана такай багууга муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелгендер, майып балдар, улгайган кары-картаңдар үчүн атайын мекемелер бар. Айтылуу мекемелердин даректери жана кабыл алуу  шарттары  туралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин мүдүрү Нурдөөлөт Базарбаев маалымат берди.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жана карылар үчүн социалдык-стационардык мекемелерге келүү шарттарына токтолсок:

Ар бир аймакта кайрылган жарандардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө комиссиялар түзүлгөн. Социалдык стационардык мекемелерге келүү үчүн, ошол комиcсиянын чечими, жашаган жериндеги социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жолдомосу керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген жаран биринчи кезекте жашаган жериндеги социалдык коргоо мекемесине барып арыз жазат. Арыз түшкөндөн кийин башкармалык анын үйүнө барып акт түзүп, себептерин аныктап, комиссиянын чечимине коет. Эгерде комиссия барсын деген чечим кабыл алса, социалдык башкармалык керектүү документтер тизмегин айтат.

  • Жугуштуу оорулар менен оорубагандыгы туралуу маалымкат
  • Аны тастыктоого анализ тапшырат, мекемеге жашоо үчүн келип жатканда, тапшырган анализдери жаңы болушу керек.
  • Медика социалдык экспертизадан маалымкат. Дал ушул мекеме жарандын мүмкүнчүлүгүнө карап, психоневрологияга барабы же башкасынабы аныктама берет. Биз ошол аныктама менен аны мекемеге жайгаштырабыз.
  • Мекемеге келип жайгашуу үчүн эч кандай акча төлөбөйт, баары бекер.

Жөлөк пул маселесине токтолсок:

  • Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген жаран пенсионер болсо, анда ал биздин мекемеге келип жашаса алган пенсиясынын базалык бөлүгү мамлекетке кетет. Өзү маңдай тери менен иштеп, жыл сайын социалдык фондго төлөгөн суммасын ала берет.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген жаран биздин мекемеге келип жашап баштагандан кийин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн төлөнгөн жөлөк пулунун 25 пайызын гана алып калат. Себеби мекемеде тамак-ашына чейин баары бекер болот.

Тартип маселеси

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана карылар үчүн социалдык-стационардык мекемелердеги эң негизги тартип спирт ичимдиктерине тыюу салынган. Себеби акчасын алгандан кийин өз ара ичип алып, ызы-чуу салган учурлар болгон.
  • Мекемеде жашап жатканда бири-бирин жактырып, баш кошуп калышса, алардын абалына карап өзүнчө бөлмө берүүгө аракет кылабыз.
  • Мекемеде үй-турмушундай эле жашашат. Үч маал тамак кошумчалары менен берилет. Кааласа жакын арадагы дүкөндөргө барып бир нерсе сатып алып жешет.
  • Жумуш кыл деп мажбурлабайбыз. Жарандар өздөрү сыртка чыгып кол кабыш кылып турушат. Эгерде жакынкы жерден жарым ставкага иштей турган жумуш табылса, биз колдоп беребиз. Мекемеден алыс болсо жооп бере албайбыз, себеби жашоочуларыбыздын коопсуздугу биринчи орунда.
  • Сыртка чыкса артынан аңдып турбайбыз, психоневрологиялык борбордо гана тарбиячылар жандарында жүрөт.
  • Жашоочулар канча убакыт жашоону каалса ошончо жашайт.

Кайрылган жарандарды өздөрү каалаган аймакка жайгаштырганга аракет кылабыз. Бирок каалаган жеринде орун жок болсо, бош болгон жерге жайгаштырылат. Азыркы тапта Бишкек шаарындагы мекемеде орун жок. Сузакта жана Нижний-Серафимовкада орун бар.

Социалдык мекемелер дареги:

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Безеткиден калган тактарды кетирүүгө болобу?

Безеткиден калган тактарды кетирүүгө болобу?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.