AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кардиологго улгайган эркектер келет

Кардиологго улгайган эркектер келет, жөн отур. Күйөөсү иштетпеген аялдын окуясы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Kaktus.media жана Bilesinbi.kg редакциялары Кыргызстандагы кыздар менен аялдардын укуктары боюнча бир катар материалдарды даярдоодо. Бул жерден кыздардын кесип тандоо укугу кандайча чектелгендиги жөнүндө окусаңыз болот. Ал эми бул макалага, иштөөгө жана карьера курууга күйөөсү уруксат бербеген аялдардын окуяларын топтодук.

Көпчүлүк эркектер аялдарына үй-бүлөнү же карьераны танда деген талапты коет. Алар үчүнчү вариантты сунуштабайт. Мындай талап көпчүлүк учурда биздин каарманыбыздын окуясындай ажырашууга алып келет.

Кээде аялдар энергиясын, убакытын кайда жумшоону табат. Бирок, ал дагы жолдошунун макулдугу менен болот.

Турмушка чыккан аялдарга карьера курууда же билим алууда, күйөөлөрү гана эмес, күйөөлөрүнүн ата-энелери дагы тоскоол болушат. Жаш үй-бүлө ата-энеси менен жашаган учурда, чоңдордун чечими талкууланбайт.

Эгер кыздар никеге чейин эле болочок жубайынын ниети жана пландары жөнүндө билсе, маселени өздөрүнүн пайдасына чече алат.

Инстаграмдагы катталуучулардын окуялары

— Чогу жашаганыбызга 7 жыл болду, жолдошум профессиям менен иштөөгө уруксат берген жок. Түнкүсүн күзөттө (дежур) турушумду каалабасын айтты. Балдар чоңойгондо жеке бизнес ачып берем деп убада кылат. Университеттен окугандарым бара-бара унутулуп жатат. Өзүмдүн кесибим менен иштебегениме аябай өкүнөм.

— Күйөөм педиатрия бөлүмүндө иште деп туруп алды, мен болсо кардиолог болгум келчү. Анын айтымы боюнча кардиологго жашы өтүп калган гана эркектер келет.

— Жолдошум үй кожойкеси болушумду каалады. Мен аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Ажырашат окшойбуз. Бактылуу үй-бүлө эркектин талаптарынан жана өзүмчүлдүгүнөн эмес, өз ара түшүнүүнүн негизинде курулат эмеспи. Эркек каалаган учурда үй-бүлөсүн таштап кетип кала алат, кесип менен жөндөм ар дайым өзүң менен калат. Ошондуктан кесип менен карьера маанилүү. Тилекке каршы, акыркы убактарда эркекке ишенүү мүмкүн эмес, алардын жоопкерчилиги барган сайын азайып бара жатат.

— Кырк жаштан кийин эркектердин энергиясы төмөндөйт. Балдар чоңоюшат, алар менен кошо чыгымдар. Андан кийин аларга иштөөгө уруксат берилет, бирок ошол мезгилге чейин алынган бардык билим жоголуп кетет. Демек, аялдар үчүн эртерээк иштеп, өнүгүп баштоо маанилүү. Албетте, үй-бүлө менен жумушту айкалыштыруу кыйынга турат.

Эксперттин оюу:

Гендер боюнча специалист, Римма Султанова:

Эгер карьера куруу же экономикалык жактан көз карандысыз болуу жагынан чектөөлөрдү койгон үй-бүлөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, гендердик стереотиптер аң-сезимибизге канчалык денгээлде терең сиңгени көрөбүз. Мындай көрүнүш аялдардын кесипке жана жеке өнүгүүсүнө карата ички потенциалын ишке ашырууга бөгөт коет.

Бул аялдардын же эркектердин күнөөсү эмес, күнөө көп жылдар бою келе жаткан системада. Бирок дүйнө өзгөрүп жатат.

Айрым үй-бүлөлөр мурунку система менен жашаганды туура көрүшөт. Бирок буга чейин эркектер аң уулап, аялдар физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу үйдө калган. Бул алгачкы жамааттык системанын тушунда болгон жана ал учурда ал акылга сыярлык чечим эле. Азыр бул актуалдуу эмес.

Эмгекти бөлүштүрүү кылымдан-кылымга өтүп келе жатат, бирок бул ыкманы кайрадан карап чыгуу керек. Дүйнөдө анын ичинен биздин өлкөдө эркектер үчүн да, аялдар үчүн да жеке потенциалын ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок стереотиптер ага жол бербейт.

Көпчүлүк, мындай жашоо бардыгына эле ыңгайлуу боолуп жатпайбы, деп нааразы болушу мүмкүн. Бирок биз “бардыгы” деп сүйлөгөндө, чындап эле бардыгы ролдордун ушундайча бөлүштүрүлүшүнө макулдугун тастыктаган маалыматка таянышыбыз керек. Кантсе да, бүгүнкү прогресстин натыйжалары эркектерге жана аялдарга өнүгүүгө алып келе турган жашоо образын кечирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өнүгүү – бул комфорт зонасынан чыгуу, бул буга чейин жасоо мүмкүн эмес болгон нерсени ишке ашыруу, дегендик.

Бүгүнкү күндө ­бул жагынан бизде чоң тоскоолдук бар. Ийгиликке жеткен айымдар, жана мындай аялдарды колдогон үй-бүлөлөр бар. Тилекке каршы, алардын саны аз. Анын үстүнө мындай көрүнүш деле система тарабынан белгилүу бир деңгээлге чейин гана колдоого алынат. Мисалы, аялдар жетекчи кызматтарда иштешет бирок алардын карьерасы көбүнчө орун басардык ранг менен аяктайт.

Маселе өзүбүздү-өзүбүз анализдөөгө үйрөнүү жана коомдук нормаларды өзгөртүү үчүн жоопкерчиликти алуу мүмкүнчүлүгүндө.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем экөөбүз милицияга түшкөнүбүздү жашырып

Кайын энем экөөбүз милицияга түшкөнүбүздү жашырып, тойлоп келдик деп койгонбуз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.