AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Каратып туруп Калп айтканын" билүү оңой

«Каратып туруп Калп айтканын» билүү оңой

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

сүрөт интернеттен алынды

Калп, ал көбүнчө жорго тилде, айрым убакта уйкаш ыр саптарында, же кара сөз аңгеме түрүндө айтылат. Адатта Калпты айтып жаткан адам, окуяны өз башынан өткөн сыяктуу, өзүнө таандык кылып баяндайт, же тескерисинче өзүнө таандык кылбай жашырып айтат. Калп, чындыкка туура келбеген сөз, анын пайда болушу, адам баласы эмне үчүн Калпты көп колдонот? Ал жаманбы же керектүү жактары барбы?- кантип адам баласы өзүн Калптан сактаса болот?- мына ушул жалгандар тууралуу адис, профайлер Арсланбек Камчыбеков менен маек курдук.

АРСЛАНБЕК КАМЧЫБЕКОВ: Калпты бир, эки белгилер аркылуу эле далилдегенге болбойт, белгилердин баардыгын жалпылап караш керек, каталарга алдырбай өтө кылдат болуу керек, жалган сүйлөбөгөн эле адамды каралап салыш оңой!

  • Бирөөнүн сага жалган айтып жатканын баамдоого болобу, “каратып туруп Калп айтып жатканын” кантип билебиз?

Биз бири-бирибиз менен баарлашып жаткан учурда айтылып жаткан сөздөргө, алардын маанисине көңүл буруп, ошол эле кезде анын кантип айтылып жатканын аңдабайбыз, бул абдан өкүнүчтүү! Биз мимикалык эмоциялардан, турган – турпатынан, отурганынан, дене кыймылдары (кол шилтемдерибиз), ал тургай көз кыймылдары, вегетативдик — нервдик системасынын иштегени (кызаруу, кубаруу, тердеп кетүү, муундардын титирегени, жүрөктүн согушу, кандын басымы, демдин күчү, шилекейин жутуу ж. б) аркылуу Калпты көрүп, таанып билип койсок болот. Бул нерсеге үйрөнүш керек, адамдын жүзүн 43 мимикалык булчуңдар түзөт, аларды таанып билбесе, кайсы эмоция чын же Калп экенин билүү өтө кыйын.

  • Адам Калп айтып жатканда аларды кандай реакциялар коштойт?

Калп айтып жатканда ар кандай реакциялар коштойт, маселен кол шилтемдердин (жесттердин) маанисин билүү жана аны туура чечмелөө керек. Бул нерсени профайлинг деп атайт, ыкчам психологиялык аныктоонун, криминалистиканын ыкмаларынын бири. Бул көзү ачыктык, же ой — аракеттерди билип коюу эмес, бул — мимикалык эмоцияларды билип таануу жана туура чечмелөө!

  • Калп өтө көп деп айтышат, анын канча түрү бар?

Адамдын иш-аракеттери абдан көп тармактуу жана терең (дискретно). Туулгандан баштап акыркы күнүнө чейин миллиондогон аң сезимдин түбүндөгү (подсознание) белгилерден турат.

Калптын эки гана түрү бар:

  1. Унчукпай коюу
  2. Бурмалоо.

Калп айтуунун себептери, түрткүлөрү көп:

  1. бирөөгө жакшы көрүнүш үчүн
  2. өзүбүздү моралдык жактан (жактырбастык, шылдындоодон) коргоо
  3. пайда көрүш үчүн
  4. жазадан качуу жана башка көп себептер бар.
  • Калпты аныктоо же професионалдык жактан айтканда профайлинг деген эмне?

Профайлингте жогоруда айтылгандай, сөз кайсы эмоциялык абалда, кандай мимиканын коштоосу менен айтылганы сынга алынат (коркунуч, уялуу, күнөөсүн сезип бир нерсени жашыруу, же чындап эле жалган айтууну). Адамдын денесин мультисигналдык система катары окуп, таанып билсе болот. Калпты айтып жаткан адамды 3 каналдан байкасак болот:

  1. мимика аркылуу, вегетативдик — нервдик системанын абалы
  2. кол, дене кыймылдары аркылуу, сүйлөгөн сөздөрүнөн улам
  3. кол жазмасынын атайын белгилери аркылуу (графология)

Эң негизги Калптын белгилери менен тааныштырып кетейин; үстүнкү эрини, же чекесинин тердегенин байкасак болот, оозунун ичи, тышы кургай баштайт, оор, тез тез дем алып, бетиндеги булчундар, оозунун бурчтары титирейт, денеси катып калат, кекечтенип, Калп жөтөлүп калат, үндүн тону, тембри, күчү өзгөрүлөт, шилекейин жута баштайт, көз ирмемдери көбөйүп, “беткап күлкүсү” пайда болот.

  • Дене кыймылдары тарабынан эмнелерди байкоого болот?

Мурунун, көзүн, моюунун сылап — ушалай баштайт, колун, алаканын катып, бутун же колун кайчылаштырып, таң калуу, кубануу эмоцилары узакка созулат (негизи алар секундадан ашпашы керек).

Сөздөгү Калптын белгилери:  Түз жооп бербестен тийип качуу, сөздү көбөйтүү же башка темага буруу, өзүнүн актыгын активдүү далилдегиси келет (кудай урсун, чын айтам ж.б.) айткан сөздөрүнөн адашуу, кокустан айтып алуу өңдүү. («Фрейддин жанылышмалары»)

Калптын жазуудагы белгилери:  Мектепте үйрөткөндөй жайма жай отуруп алып жазуу (өтө туура), кол жазмасынын стили өзгөрө берет, эч туруктуу эмес, оңго — солго оой берет, тамгалар эки мааниде окулат, кереги жок болсо да үтүр чекиттерди коюуп, тамгалардын учунда «кылтактар» же «көбүктөр» пайда болуп, тамгалар өтө оң тарапка ооп, ылдый жагынан ачык толук жазылбай калат.

  • Акырында кыстырма катары:  Калпты бир, эки белгилер аркылуу эле далилдегенге болбойт, белгилердин баардыгын жалпылап караш керек, каталарга алдырбай өтө кылдат болуу керек, жалган сүйлөбөгөн эле адамды каралап салыш оңой!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Бала багып алгым келет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.