AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Кара жумуш" эмес

«Кара жумуш» эмес, «капчыктуу» жумуш издегендер

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ким гана болбосун кыялындагыдай иш таап, айлык маянасы жогору жумушта эмгектенгиси келет. Ишке орношууда мамлекеттик мекемелерден баштап жеке иш берүүчүлөргө чейин атайын талаптар бар. Мындан улам жумуштуулук боюнча келип түшкөн суроолорго Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков жооп берди. 

Азыр кесиптик лицейлерди бүткөндөр университетти аяктагандарга караганда эки эсе көп айлык алышат. Сантехник, ширетүүчүлөрдүн маянасы миң доллардан кем эмес. Азыр бизде юрист менен экономистке жумуш жок.

  • Жумуш издесем, жумуш берүүчүлөр «тажрыйба жок жумушка албайбыз» дей беришет. Окуумду бүткөндөн бери, бир жылдан бери жумушка орношо албай жүрөм. Эмне кылсам болот?

Учурда бир жыл эмес андан да көп жылдап жумуш таппай жүргөн жаштар бар. Иштейм деген адам ар түрлүү жумуштан баштап иштейт. Азыркы жаштарды түшүнсө болот, дароо эле маянасы көп жумушка орношууну каалашат. Ошол себеттүү жумуш табуу узакка созулуп кетиши мүмкүн. Эгер мамлекттик жумушка орношууну каалап жүрсөңүз, мамлекттик тармактын баары азыр конкурс түрүндө алышат. Баарын билип, сайрап турган адамды эч ким албай кое албайт. Жеке компаниялар дагы конкурстун негизинде алат. Тааныш-билиш менен алат деген бул жөн гана стереотип. Баары өзүңүздөн көз каранды. Дарак бир жерден көгөрөт дегендей, айлыгы 5000 сом болсо деле акырын иштей берсениз , бара-бара тажрыйба топтоп, маянаныз да көтөрүлөт.

  • Менин жашым 16да. Жай мезгилинде промоутер болуп иштегем. Бирок жумуш берүүчүлөр, «листовкаларды» жөн эле ыргытып койдуң деп айлыгымды бербей коюшту. Кимге кайрылсам болот?

Эгерде жумушчулар жумуш берүүчү тараптан кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттерди көрсө, алсак, эмгек режими бузулса, айлык маянасын ала албаса, жумуш учурунда жаракат алса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын астындагы эмгек боюнча мамлекттик инспекцияга арыз менен кайрылса болот. Ошол жерден жумуш маселелерин чечип, айып же административдик жаза беришет.

  • Учурда студентмин. Сабактан соң иштейин дегем. Бирок досторум жумушка расмий түрдө албагандан кийин, айлыгымды ала албай кааларымды айтышты. Эмгек келишимин диплому жок эле түзсө болобу?

Көпчүлүк иш берүүчүлөр салык төөлөдөн качып, келишими жок ишке алып, маянаны конверт менен эле берип, кээде бербей да коюшат. Ошол себептүү студенттер, жаштар жумушка орношуп жатканда эмгек келишимин талап кылып, жакшылап окуп, бухгалтериядан акча которулуп жатабы билип анан кол коюш керек.

Эмгек келишимин түзүүгө сөссүз түрдө эле дипломдун кереги жок. Жумушка орношуучу адам бухгалтерияга штатка кириши керек. Штатка кирбесе дагы жумушка алынып жаткан адам үчүн жумуш берүүчү тараптан салык төлөнүшү керек. Бул салык кийин пенсияга кошулуп берилет. Бирок көпчүлүк иш берүүчүлөр салык төөлөдөн качып, келишими жок ишке алып, маянаны конверт менен эле берип, кээде бербей да коюшат. Ошол себептүү студенттер, жаштар жумушка орношуп жатканда эмгек келишимин талап кылып, жакшылап окуп, бухгалтериядан акча которулуп жатабы билип анан кол коюш керек. Эгер акчаңызды бербей койсо эмгек инспекциясына кайрылсаңыз болот.

  • Быйыл мектепти аяктайм. Окуумду бүткөндөн кийин жумуш таба албай кыйналбаш үчүн кайсы кесиптер актуалдуу экенин билсем болобу? Ошого жараша жогорку окуу жайына тапшырсам дейм.

Сизге учурда талап жаратып жаткан кесиптердин рейтингин айта кетсек: Кызматчы кесиптерден мугалим, турак-жай боюнча агент, дарыгер, кассир, соода агенти, медайым, мамлекттик кызматкерлер жана риэлторлорго жумуштар абдан көп. Ал эми жумушчу кесиптерден тикмечи, сатуучу, куруучу, ашпозчу, электрик, жүктөөчү жана тазалоочу менен айдоочуга талап жогору.

  • Канча жаштан баштап расмий түрдө иштеп баштаса болот?

16 жаштан баштап. Эгерде 13 же 15 жаштагылар эмгекке алынса, алар 2-4 саат гана иштеши керек. Аларга 8 саат иштөөгө мыйзам боюнча жол берилбейт.

  • Мен иштеген кондитердик цехте 14-15 жаштагы өспүрүмдөр, сабактан кийин түнгө чейин калып иштешет. Жетекчибиз дагы аларга аз акча берүү үчүн, жумушка өспүрүмдөрдү алат. Өспүрүмдөр канча жаштан баштап иштеши керек жана мыйзамсыз иштеп жаткандары тууралуу кимге кайрылса болот?

Өспүрүмдөр 16 жаштан баштап иштөөгө укуктуу. 16 жашка чейинкилер 2-4 саат гана иштеши керек. Алар жумушка мыйзамдуу түрдө алынган эмес. Жумуш берүүчү дагы мыйзамды билсе аларды жумушка алмак эмес. Биринчи кезекте бул жерде ата-эненин ролу чоң. Эгерде өспүрүм өзү, ата-эне же кимдир бирөө арыз менен экотехинспекцияга кайрылса, анда жумуш берүүчүгө чара көрүлөт.

  • Жайкы каникулда Турцияга барып иштеп келсемби деп жатам. Бирок чет жакага жумушка орноштуруу агенттиктери абдан көп экен. Алардын легалдуу же легалдуу эмес экенин кантип билсем болот?

Лицензиясынан эле билсеңиз болот. Себеби агенттиктерге лицензия жөн эле берилип койбойт. Алардын шарттарын, жиберүүчү мамлекеттин тосуп алуучу жерлерин, банктык эсептерин карап анан лицензия тапшырылат.

Мектепти бүткөндөн кийин Россияга барып иштейин дегем. Миграцияга канча жаштан баштап тартылса болот?

Жаш курагы көрсөтүлгөн туруктуу бир цифра жок. Бул ар бир адамдын өз иши. Мектепти бүткөндөн кийин кеткендер бар. Бирок чет жакка бир кесиптин ээси болуп кетсеңиздер, айлыгы жакшы болот. Ар түрдүү жумушту кылгандардыкы аз. Кара жумуштан деле ден соолук, күч кетет. Бир кесиптин ээси болуп алсаң өзүңдүн келечегиңе жакшы болот.

  • Быйыл он биринчи классмын. Окуумду бүткөндөн кийин лицейге эле тапшырайын десем, ата-энем акчасы аз болот «он бир жыл окуп алып, орто билимдин ээси болосуңбу» деп каршы болушууда. Орто билимдин кесип ээлери аз маяна алабы?

Бул жаңылыштык. Себеби азыр кесиптик лицейлерди бүткөндөр университетти аяктагандарга караганда эки эсе көп айлык алышат. Сантехник, ширетүүчүлөрдүн маянасы миң доллардан кем эмес. Азыр бизде юрист менен экономистке жумуш жок. Жогорку окуу жайды бүтүп алып, кайра училищеге тапшырып жатышат.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Боорукермин, бирок жашоом татаал.

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.