AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кара далы болуп каласың! Кыздардын тагдырын бузган 10 тыюу

Кара далы болуп каласың! Кыздардын тагдырын бузган 10 тыюу

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Михаил Лабковскийдин айтымында, энелер кыздарын тарбиялаганда билбестик кылып тагдырына зыян келтирип коюшат. Алардын айткандары өмүр бою мээде калып, улам кийинки тукумга өтө берет.

Апалар, чоң апалар жана таенелер кетирген алгачкы жаңылыштык бул кыздарды белгилүү бир типте тарбиялаганы. “Кыздар тил алчаак болуш керек”, “кыздар катуу күлбөйт”, “жакшы кыздар үйдөн чыкпай оокат кылат”, “мындай кыялың менен күйөөңдөн таяк жеп эле басып жүрөсүң го”, “кайын энең жеткирип келет, оокат кылганды билбейт экен деп” ж.б. Кыскасы, кыздар бардыгынын көңүлүн алып, кам көрүүгө милдеттүү. Жыйынтыгында, кыздар өздөрүн экинчи сорттогу адам катары көрүп, үй-бүлөлүк жашоодо да өз кызыкчылыктарын коргой албайт.

Экинчи жаңылыштык — бул эркектерге карата терс мамилени калыптандыруу. “Эркегиңдин эч нерсе менен иши жок”, “аны эркек деп коет, сен ага теңелбе”, “эркектер алдап кетет”, “этегиңе бала салып келбе”, мындай сөздөрдү күндө угуп жүрүп чоңойгон кыздар эркектерди мыкаачы агрессор катары кабыл алып, бала кезинен аларга болгон ишенимин жоготот.

Үчүнчү жаңылыштык. Кыздарга тарбия берүүдө таң калыштуу карама-каршылык бар. 15-16 жашка чыккан селкиге эркектерди желмогуз деп жаткан энелер, 20 жаштан өтүп калган кызга турмушка чык деп айта баштайт. Болбосо, “Убактың өтүп кетет”, “сага эр калбай калат”, “кара далы болуп каласың”. Ойлонуп көрсөңөр, кызыңар сиздин тилиңерди алып, үйдө отурду, эркектер алдап кетет деп аларга такыр ишенбейт. Эми сиз андан күйөөгө тийип, бала төрө, деп талап кылып жатасыңар.

Төртүнчү жаңылыштык. Бардык кыйынчылыктардан жана кокустуктардан сактап калууга аракет кылган энелер, кыздарына ашыкча кам көрүшөт: муну кылба, ал жака барба, мындай кийинбе, ал кыз менен сүйлөшпө. Кыздар да өз алдынча чечим чыгарып, жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшү керек. Жаңылып, ката кетирип, анысын кайра оңдоп тажрыйба топтосун. 

Бешинчи жаңылыштык – бул кыздын атасын начар адам катары көрсөтүү. Атасы барбы, жокпу, чогуу турабы же өзүнчөбү, айырмасы жок. Балага “Сен атаңды тартып жалкоосуң”, «атаңды тартып түрүң суук”, деп айтууга болбойт. Атасынын кемчиликтери үчүн кыз жооптуу эмес. Кандай гана начар киши болбосун, баланын анда эч кандай күнөөсү жок. 

Алтынчы жаңылыштык – кызга кол көтөрүү. Албетте, бардык балдарды урганга болбойт, бирок кыз балага катуурак тиет. Кыздар психологиялык жактан тезирээк жабыркап, өзүнө болгон ишеними да тез жоголот. Ал эми атасы кызын сабаса, келечекте ал өзүнө ошондой өмүрлүк жар тандап, эркектердин кол көтөргөнүн нормалдуу көрүнүш катары кабыл алып калат.

Жетинчи жаңылыштык. Көөп кетпесин же көз тийбесин деп мактабай койгондук. Кыз бала өзүн эң сулуу, эң сүйүктүү, эң акыл-эстүү экенин билип чоңоюш керек. Кызыңызга, анын өзгөчө экенин, ушундай кыздуу болуп калганыңыз үчүн аябай сыймыктанарыңарды улам айтып тургула. Бул анын бактылуу өмүр сүрүшүнүн пайдубалы.

Сегизинчи жаңылыштык – кыздын көзүнчө ата-энелердин урушушу. Балдардын көзүнчө бири-бириңерди күнөөлөп, жеке кемчиликтерирди айтканга болбойт. Бала үчүн ата дагы эне дагы баалуу, ар биринин өз орду бар. Кимдин кандай экенин ал өзү аңдап, өзү чечет.

Тогузунчу жаңылыштык – кыздын өспүрүм курагын туура эмес кабыл алуу. Ата-энелер эки карама-каршы ыкманы колдонушат. Баардыгын тыйып, тоталитардык көзөмөлгө алуу, же тескерисинче, “чоңойуп калбадыбы” деп, көңүл бурбай коюуу. Экөө тең жаңылыштык. Жакшысы – катуу талап жана жайдары мамиле. Кыздарыңар менен мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөшүп, кеңешип, үйдөгү иштерди чогуу жасаганга аракет кылгыла. Сырдашкыла. Кызыңар айтып берген окуяларды кунт коюп уккула. Өзүңөрдүн бала кезиңерди айтып бергиле. Бирок, алган маалыматты кайра ага каршы колдонбогула.    

Акыркысы – кыздын жашоосун белгилүү бир чекке салбагыла. Чоңоесуң, турмушка чыгасың, бала төрөйсүң, кийин дагы төрөйсүң, семирбе, иштебе, ж.б. Кызга окуу, билим ал, өзүңө жаккан жумушта иште, жоопкерчиликтүү бол, башкалардын айткандарына көңүл бурба, өзүңдүн жеке пикириң болсун, бактылуу болууга умтул деп үйрөткүлө.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эркектердин климаксы аялдардыкына окшоп сыртынан билинбейт

Эркектердин климаксы аялдардыкына окшоп сыртынан билинбейт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.