AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Коммуникация — адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө «коммуникация» түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена Прокопьева Kaktus.media»га өспүрүм курактагы эффективдүү коммуникациянын негиздери менен бөлүшүп, бала эле эмес, ата-энелери да өтүүгө туура келген этаптар тууралуу айтып берди.

Ата-энелер кадырын түшүрүп албастан баланын коммуникациялык жөндөмүн кантип арттырса болот

Өспүрүм курактагы эффективдүү коммуникация

Эффективдүү коммуникация — эки тараптын бири-бирин кемчиликсиз түшүнүүсү.

Өспүрүмдөргө токтолсок, бул жерде коммуникациядан эффективдүүлүктү күтүү кыйын, анткени бир жагынан физиологиялык жактан баланын же өспүрүмдүн мээси толук калыптана элек болот, психикасы жетилген эмес жана өспүрүм бойго жеткен адамдай аракеттене албайт. Башка тараптан караганда, жыныстык жетилүү гормоналдык өзгөрүүлөрдү, деги эле тынымсыз өзгөрүүлөрдү жана маанайдын кескин өзгөрүшүн камтыйт.

Ата-энелер өспүрүм али чоңдордой реакция кыла албасын унутуп коюшат. Алар өспүрүмдөн мүмкүн эмес нерсени талап кылышат, ошол эле учурда турмуштук тажрыйбага ээ болууга (анын негизинде өз алдынчалык жана ар кандай кырдаалдарды чечүү жөндөмдүүлүгү калыптанат) жана өзүнүн инсандыгын калыптандырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Жалпысынан.

Өспүрүм балаңар бой жетип калганын жана силер менен «чоңдордун тилинде» сүйлөшүүгө татыктуу экенин түшүнүү абдан маанилүү.

Өспүрүмдөр кризисинин учурунда ата-энелер авторитетин жогото баштайт, бул учурда аны менен башкача коммуникация куруу керектелет. Чын пейилдүүлүк, ишеним, колдоо, ата-эне менен курулган диалог, үй-бүлөлүк салттар, сынга албоо, баарлашуу процессинде коопсуздук – бул нерселер өспүрүм үчүн оор мезгилде анын ыңгайлуу чоңоюшу үчүн курчап турушу керек.

Ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы эффективдүү коммуникациянын болушунда жаралган тоскоолдуктар.

  • Ата-эненин балагатка жетүүнүн өзгөчөлүктөрүн билбегендиги жана кабыл алгысы келбегендиги. Өспүрүм эми кичинекей бала эмес, ошол эле учурда психикасы жетиле элек, турмуштук тажрыйбасы бар бойго жеткен адам да эмес. Жыныстык жетилүү мезгилинде адамдын жашоосунда физиологиялык жана психологиялык өзгөрүүлөр болуп, өспүрүмдүн маанайы капыстан өзгөрүп, көбүнчө ыңгайсыз абалда жүргөн болот, жашоону кара түстө көрөт, бул анын эркелиги эмес, ал өзү деле жыргаган жери жок, аны менен эмне болуп жатканын түшүнбөйт.
  • Ата-энелердеги психологиялык жана/же психикалык көйгөйлөр, ата-эненин психологиялык жактан жетиле электиги, ата-эненин комплекстери аларга кырдаалды адекваттуу кабыл алууга, өзүн чоң кишилердей алып жүрүүгө жана баласынын чоңоюшу үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт. Башкача айтканда, ата-эне өзү эффективдүү коммуникация курууну билбейт.
  • Баланын ар кандай тубаса же кийин калыптанган өзгөчөлүктөрү. Мисалы, неврологиялык көйгөйлөр кыжырданууну жана ооруну пайда кылышы мүмкүн, ал эми адам физиологиялык ыңгайсыздыкты баштан кечиргенде, сапаттуу коммуникация жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Мисалы, башыбыз ооруганда баарыбыз кыжырданабыз. Кийин калыптанган өзгөчөлүктөргө бала чоңоюп жаткан чөйрөнүн таасири астында калыптанган мүнөз акцентуациялары (бул жеке мүнөздөгү өзгөчөлүктөрдүн жана алардын айкалыштарынын ашыкча көрүнүшү, психикалык норманын экстремалдык версиясы) кирет жана ар бир акцентуациянын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, анын ичинде жүрүм-туруму кирет.
  • Ата-эненин бош эместиги, «гипоопека» — учурдагы балдар ата-энеси менен байланыштан куру калган, отоо чөптөй өз алдынча чоңоюшат. Албетте, бала менен ата-эненин ортосунда калыптанган эмоционалдык байланыш жана ишеним болмоюнча, бой жетүүнүн эң татаал мезгилинде жыныстык жактан жетилүү жана коммуникация куруу кыйын болот.
  • Өспүрүмгө ашыкча талап коюу чыр-чатакка алып келет. Эсиңизде болсун — ар бир нерсенин өз убагы болот. Ооба, бүгүн балаңыз да жашоосунда болуп жаткан нерселердин баарын түшүнүп, талдай албайт, бирок сиздин жардамыңыз менен ал муну сөзсүз түрдө убакыттын өтүшү менен түшүнөт.
  • Ата-эненин тарбиясынын авторитардык стили көз карандысыз, психологиялык жактан жетилген инсандын калыптанышына жол бербейт, ал эми бул учурда өспүрүм каршылык көрсөтсө (жыныстык жетилүүнүн нормасы) чыр-чатактар ​​пайда болот. Ата-эне тарбиялоо стилин кайра карап чыгуу менен, үй-бүлөдөгү чыңалууну гана басаңдатпастан, баласынын жетилген инсан болуп калыптанышына шарт түзө алат.
  • Ата-эненин эскертүүлөрү чыр-чатакка алып келет. Ошондуктан өспүрүм менен тең укуктуу сүйлөшүп, өтүнүчү боюнча кеңеш берип, балаңызды көбүрөөк угушуңуз керек.
  • Өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүнүн баркын кетирбеш керек, балаңыздын сезимдерин сыйлаңыз, сылыктык менен мамиле кылыңыз.

Канткенде баарлашууну натыйжалуу кылабыз

  • Балаңызды кандай болсо ошондой кабыл алыңыз (жасаган иш-аракеттери, алган баалары жана жетишкендиктери үчүн эмес, аны кандай болсо, ошондой болгону үчүн сүйүңүз).
  • Активдүү угуунун ыкмаларын үйрөнүңүз, кунт коюп, чын жүрөктөн угуңуз, сөздү бөлбөңүз же баа бербеңиз (өзгөчө терс), сындабаңыз, диалогго катышыңыз, суроо бериңиз, өз оюңузду жана колдооңузду билдириңиз, сабырдуу болуңуз. Өспүрүм балаңар ичинде болгон нерселерин айтып бере ала тургандай шарт түзүңүз.
  • Балаңызды сөздөн башка, жылмайып, жылуу карап, кучактап колдоп, кайраттандырыңыз.
  • Үнүңүздүн кандай чыкканын байкаңыз, шылдыңдабаңыз же лекция окубаңыз.
  • Катаңызды кантип моюнга алса болорун билиңиз.
  • Өспүрүмүңүздү мактаңыз, анын жетишкендиктерин белгилеңиз, аны менен сыймыктана турганыңызды жана анын ийгилигине кубанаарыңызды ачык көрсөтүңүз. Балаңызга аны ар дайым сүйөөрүңүзгө жана аны менен сыймыктанарыңызга ишендириңиз.
  • Балаңызга ишениңиз. Талаптарды ишеним жана урматтоо менен айкалыштырыңыз. Ата-эненин диктатурасы жакшылыкка алып келбейт. Бөлмөгө тыкылдатпай же ээси жокто кирбеңиз, жеке буюмдарына тийбеңиз, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшабаңыз, өспүрүмгө дос, кийим, музыка ж.б. тандоо укугун калтырыңыз, физикалык жактан жазалабаңыз, кемсинтпеңиз.
  • Өспүрүм балалык менен бойго жеткен мезгилдин ортосунда кептелип турат, ошондуктан ата-энелер өздөрүнүн нааразычылыгын жана кыжырдануусун ары коюп, өспүрүмдүн күчтүү жана алсыз жактарын объективдүү баалап, милдеттер менен укуктар системасын тең салмактуу кылышы керек.
  • Ашыкча коргоо жана ашыкча көзөмөл эрксиз, көз каранды инсандын калыптанышына алып келет. Чыр-чатактар ​​жыныстык жетилүү учурунда гана эмес, чоңойгон баланын өз алдынча жашап, жоопкерчиликти көтөрө албаганынан улам дагы өмүр бою ата-эненин нааразычылыгы жана ачуусу менен коштолот. Өзүңүздүн жүрүм-турумуңузду өзгөртүүгө аракет кылыңыз, көзөмөлдөөдөн баш тартпаңыз, бирок камкордукту азайтыңыз, баладан туура аракеттерди гана талап кылбаңыз, аны кандай болсо, ошондой кабыл алыңыз, жардам бериңиз, бирок анын бардык көйгөйлөрүн чечпеңиз. Баланын теңтуштары менен баарлашуусун стимулдаштырыңыз, камкордугуңузду, мактооңузду жана айыптооңузду азайтыңыз, өспүрүмгө өзүнүн турмуштук тажрыйбасын алууга мүмкүнчүлүк бериңиз.
  • Баланы чоңдордун кайгысынан жана кубанычынан четтетпеңиз, аны өз башыңыздан өткөн окуяларга шериктеш кылыңыз. Түзмө-түз, тайманбастык менен, жеткиликтүү түшүндүрмөлөрдү бериңиз.
  • Коркутпаңыз, аша чаппаңыз, үмүттөрүңүз менен бөлүшүңүз.
  • Баланы тарбиялоо эффективдүү болушу үчүн ата-энелер өз каталарын моюнга алып, идеалдуу адамдар жок экенин, алар да четте калбасын түшүнүшү керек. Балаңызга койгон талаптарыңыз өтө жогорубу же жокпу, түшүнүүгө аракет кылыңыз.
Белгилер: Ата-энелерге
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.