Жүрөгүм сыгылып, оор абалда жүрөм. Мен үчүн күн өткөрүү татаал болуп калды. Үч уулум бар, кайын ата, кайын энем кары кишилер. Экөө тең тез-тез ооруй беришет. Кечке аларды, балдарымды карап күн өтөт.
Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмеспиз. Бир көрүп эле алып качкан. Мен жашап калдым. Ысык-суугуна көнүп, жашап келатканда мени кайгыга салды. Күйөөм ойноштук кылып жатат. Анысын мойнуна алды.
Ата-энемдикине кетип калгам, балдарымды ойлоп кайра келдим. Арыктап, жүдөп кеттим. Өзүм жогорку билими бар аялмын. Бирок эмне кылышты билбей турам.
Кичинекей балам да сыркоолоп калды. “Сенин жоругуң балага тийди”, десем унчукпайт.
Эч нерсе менен иши жок. Керээлден кечке телефон менен алек. Кантип чыккынчылыгын унутуп, кантип жашайм? Канткенде жеңе алам? Кантип күйөөмдү өзгөртөм? Менин эмне күнөөм бар? Кайсы жерден жаңылдым? Кантип үй-бүлөмдү сактап калам? Канткенде жолдошумду кайтара алам?







