AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кандай үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алышат?

Кандай үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алышат?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Балдарга берилчү жөлөк пул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева “Билесиңби” порталына ой бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзамына ылайык жөлөк пулдун 3 түрү бар:

1. Бир жолу берилчү “Балага сүйүнчү” жөлөк пулу:

Өлчөмү-4000 сом.

Кимдерге берилет- 2018-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайларга. ( 6 айына чейин документ тапшырып, жөлөк пулду алуу керек).

Керектүү документтер-ата-энесинин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Документтерди кабыл алуу жайлары— Мамлекеттик каттоо кызматы, Никени каттоо мекемеси, Калкты тейлөө борбору, маалыматтык күркөөлөр.

2. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу:

Өлчөмү-810 сом.

Кимдерге берилет-16 жашка чейинки балдары бар, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө.

Керектүү документтер— арыз берүүчүнүн паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, жашаган жеринен маалымкат (эгерде каттоосу айылда болсо, учурда шаарда жашап жатса, шаардагы дарегинен маалымкат), кирешесин тастыктаган маалымкат (иштеген жеринен, айыл өкмөттөн).

Документтерди кабыл алуу жайлары— шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу үй-бүлөлүк кирешени чекке алуу менен эсептелинет. Эгерде үй-бүлө киришесинин жыйындысын үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлгөндө, ар бир мүчөгө чыккан сумма 900 сомдон ашпаса, анда ал үй-бүлөнүн балдарынын ар бирөөсүнө ай сайын 810 сом берилет. Бийик тоолуу аймактардагы муктаж үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна атайын коэффиценттерге ылайык, белгилүү бир суммадагы каражат кошулуп берилет.”

3. Социалдык жөлөк пул:

Өлчөмү- 1000 сомдон 3000 сомго чейин. 

Кимдерге берилет— 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, бала кезинен 1,2,3-майыптык топтогу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга, 1,2,3-топтогу майыптарга, пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга, баатыр энелерге, бир багуучусунан ажыраган (бир ата-энесинен) балдарга, эки багуучусунан (эки ата-энесинен) тең айрылган балдарга, ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга.

Керектүү документтер- арыз берүүчүнүн паспорту, балдардын күбөлүгү, ден-соолугу тууралуу маалымкат, жашаган жеринен маалымкат, социалдык фонддон документтер тизмеги, багуучусунан ажырагандыгы тууралуу маалымкат (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк).

Документтерди кабыл алуу жайлары- шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына.

Багуучусу убагында иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп жүргөн болсо, ал каза болгондон кийин балдары социалдык фонд тарабынан пенсия алат. Эгерде багуучусу эч жерде иштебесе, ал каза болгондон кийин  балдарына Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан жөлөк пул берилет. Өлчөмү:

  • Бир багуучусунан ажыраса-1000 сом.
  • Эки багуучусунан ажыраса-2000 сом .

Жаш кезинде иштебеген, мамлекетке салык төлөбөгөн пенсиялык камсыздоого укугу жок кары-картаңдарга айына 1000 сом өлчөмүндөгү социалдык жөлөк пул каралган.

Маек учурунда Айкөл Турганбаева окурмандардан келген суроолорго жооп берди:

“Күйөм экөөбүздүн туруктуу жумушубуз жок. 2 балабыз бар. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулуна документтерди тапшырсак, сыналгы, муздаткычыңар, унааңар бар экен деп бербей коюшту. Эмне кылсак болот?»

  • “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун берүүдө муздаткыч, сыналгы сыяктуу үй оокаттарынын эсептөөгө кошулбай калганына көп болду. Узакка пайдалануучу товарлар: автоунаа, трактор, комбайн, жүк ташуучу унаалар бар болсо жана алар иштетилсе гана эсепке алынат. Айта кетчү нерсе каражаты жок үй-бүлөдө унаа болбойт. Унаасы бар болсо, ал жашыруун киреше болуп саналат. “Муздаткычың бар экен” деп кайсы райондун социалдык башкармалыгы бербей койду? Бул тууралуу бизге кайрылыңыз. Атайын чара колдонобуз.”

«Жалгыз бой энемин. 4 жаштагы балам бар. Балама жөлөк пул берилеби?»

  • Азыркы учурда нике күбөлүгү жок, бирок чогуу жашап жаткан үй-бүлөлөр көп. Андыктан, жалгыз бой эне деген статус жок. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу жалпы негизде гана берилет. Эгерде жалгыз бой эне деп бөлүп, өзүнчө жөлөк пул карай турган болсок туура эмес болуп калат.  Эгерде сиздин туруктуу иштеген жумушуңуз жок болсо, киреше жыйындысын үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлгөндө 900 сомдон ашпаса, анда шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылып көрүңүз. Мүмкүн алып каласыз. Ошондой эле 810 сом баланын кызыкчылыктарына гана каржыланышы керек. Бул сумма абдан аз, жумуш тапканга аракет кылыңыз.

“Үй-бүлөлүк көмөк” жөлөк пулун берүүдө үй-бүлө кирешесинин жыйындысына кары-картаңдарынын пенсиялары кошулуп, эсепке алынчу. 1-июлдан тарта улгайган адамдардын жаш кезинде иштеп тапкан акчалары өздөрү үчүн гана жумшалат. Үй-бүлөнүн кирешесине кирбейт!

«Курулушта иштейм. Жумушум туруктуу эмес, бирде бар, бирде жок. Келинчегим үйдө 2 жашар балабызды карап олтурат. Жөлөк пул алсак болобу?»

  • Мисалы, үй-бүлөңүздөрдө үчөөңөр эле жашасаңар, куруучу болуп тапкан кирешеңизди үчкө бөлгөндө 900 сомдон ашпаса жөлөк пул алсаңыздар болот. Сиз шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылыңыз. Жумушуңуз туруксуз болсо, айтылуу башкармалыктардын иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү бар. Ал жерден айдоочу, ашпозчу, чач тарач, бухгалтер сыяктуу курстарга бекер окутуп, жумуш таап берүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Эгерде жөлөк пул алып жатканда туруктуу жумуш таап, кирешеси көбөйсө, бирок кирешесин жашырып жөлөк пулун алып жүрө берсе, административдик жазага тартылып, айтпай алып жүрө берген күндөрүнүн жөлөк пулдарын  төлөп берет. Жөлөк пулга муктаж болбой калгандыгын 5 күн ичинде райондук башкармалыктарга билдирүү керек.

«Кошунабыз бизден жакшы жашайт. Бирок жөлөк пул алышат. Билишимче айыл өкмөтүндө тааныштары бар экен. Бул тууралуу кимге билдирсем болот?»

  • Эгерде жөлөк пул боюнча көйгөйлөр жаралса, суроолор пайда болсо же кызматкерлер акча талап кылса, орой мамиле жасаса, тааныштарына мыйзамсыз алып берсе эч коркпостон Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына кат жазыңыздар же 0312 66 01 07 номерине байланышыңыздар. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылган иш-аракеттери тастыкталса, жоопкерчиликке тартылышат. 

2018-жылдын 1-июлунан тартып 1,2,3-топтогу 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык жөлөк пулун 33 пайызга көтөрүү пландалууда. Эгерде план ишке ашып калса 3000 сомунун үстүнө 1000 сом кошулат.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Баламды өзүмө каттап алгым келет

Баламды өзүмө каттап алгым келет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.