Саламатсызбы! Жолдошум эки жыл мурун машина сүйүп кетип каза болгон. Ошол учурда кош бойлуу элем. Кайтыш болгонун укканда ооруп калгам. Күнөөлүү тарап 20 миң доллар компенсация беришиптир. Мага өлгөнүн айтпай эле, кайын агам «бейтапканадан чыгарганга» деп бир кагазга кол койдурган. Окуган эмесмин, көрсө ал тосмо арыз экен. Ортодо эки балабыз бар. Кайын-журтумдун мага кылган мамилесине чыдабай кетип калгам. Тиги акчанын бир сомун дагы көрбөдүм. Бир жолу балдарга үй алып бергиле десем, жаңжал чыгарышты. Ошол менен балдарымды көрсөтпөй, катышпай дагы койдум. Эми мени балдарды көрсөтпөгөнүм үчүн сотко беребиз деп коркутуп жатышат. Үйүм жок, балдарымды алып коюшпайбы? Тиги жолдошума байланыштуу эки жыл мурун болгон ишти кайра каратсам болобу?







