AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы

Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Атамдын арактан колу бошочу эмес. Түйшүктүн баары апамдын мойнунда. Менин максатым — апама жардам берип, бир туугандарымды бутка тургузуу эле. Эс тарткан кезимен баштап шаардын көрүнгөн жеринде иштеп, тапканымды үйгө жөнөтчүм.

Улук байке менен жумуштан тааныштым. Жылуу учурашып, сый мамиледе гана болчубуз.

Бир күнү жашаган жеримен чыгарып салышты, көчөдө калдым. Ошондо, Улук байке «бош үйүм бар, кааласаң жашап тур», — деди. Бара турган жерим болбогон соң, макул болдум. 

Көп өтпөй бир эже келип «сен кимсиң», — деп сурады. Төкпөй-чачпай баарын айтып бердим, үйүнө конокко чакырды. Барсам, толтура туугандары анан Улук байке бар экен. «Биздин бала отуздан ашып калды, сени эле алып берели», — дешти. Айылга чейин барышып «кызыңар эбак эле биздин уул менен жашап алган, үйлөнтүп коёлу», — деп апамы да көндүрүшүптүр. «Апа мен ал кишини сүйбөйм. Аны менен жашаган эмесмин», — десем, мени уга турган киши жок.

Үйдөгүлөр алардын байлыгына көз арттыбы, билбейм, «бизди уят кылбай ошол жигитке турмушка чык», — деп туруп алышты. Мага ишенбей, башка бирөөнүн сөзүнө ишенгендерине ачууландым.

Үйлөндүк. Балалуу болсок сүйүп кетээрмин деп үмүттөндүм. Бирок, Улук сезимдеримди ойгото албады, жеке пикири жок, чечкинсиз, апасынын тилинен чыкпаган эркек экен.

Туугандары мүнөзүн жакшы билишет. Эки күндүн биринде келип «келиндин орду ашкана, башынан карма» деп үйрөтүп кетишет. 

Жаркылдаган кыз элем. Апамдын «чыда, эл эмне дейт», — дегендерин уга берип өзгөрдүм. Бала менен үйдө отуруп чүнчүп, өзүмдү карабай калдым, депрессияга түштүм.

Балам бирге чыкканда кайын энем баарыбызды Москвага алып кетти. Чогуу батирде жашап калдык. Мен бала менен үйдө, калгандары жумушта. Тамак жасайм, баарынын артынан жыйнайм. Айтоор, үй кызматкери эле болуп калдым.

Жаңы жыл. Дасторкон даярдап жүргөм. Балам ыйлаганынан, жумушумду таштап, эмизип отуруп калдым. Кайын сиңдим келип асыла баштады. Унчукпадым. Ачууланып колумдагы баламды ыргытып жиберди.

Өзүмдү кармай албай калдым, жарылдым. Колума тийген нерсени алып, сабап кирдим. Кечки саат 10до балам менен эшикке чыгарып салышты. Жаңы жылды көчөдөн тостум.

Жанымда бир аз акча бар болчу, эртеси билет алып Кыргызстанга келдим. Баламды апама таштап, жумушка кирдим. Ишим жүрүшө баштады. Бутума турдум. 

Бир жылдан кийин Улук келди. «Улам күйөөгө тийип жүрмөк белем», деп жарашууга макул болдум. Бирок, сүйө албадым.

Улуктун туугандары колунда бар, жакшы турушат. Өзүчү, бир да жумушта туруктуу иштей албайт, карызга батып жүрөт. Күндө урушабыз.

Чыдап жашай берсемби же ажырашсамбы?

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эчкинин сүтү тууралуу эмнелерди билүү керек? Педиатр айтып берет

Эчкинин сүтү тууралуу эмнелерди билүү керек? Педиатр айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.