Саламатсызбы! Менде эки суроо бар эле.
1. ЗАГС жок болсо да алиментке берсе болобу?
2. Биринчи никемдеги 5-класс баламды кайын энем багат. Аялым алиментке арыз таштап коюп, Россияга кетип калыптыр. Сот аткаруучулар чакырганынын барсам, канча жылдан бери төлөнбөй жүрө берип аябай көбөйүп кетиптир. Алиментти балдызым менен кайын энем доолап жатат? Алар буга укуктуубу?
Азыркы турмушуман беш балам бар. Аялым экөөбүз тең иштебейбиз, балдарга жөлөкпул алабыз. Сотко чакырып, акча сурай берип тажатышты. Өзүм араң жашап жүрөм. Эмне кылсам болот?







