AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем жоолугу жок дааратканага да чыгарбайт. Жаңы келген келиндин баяны

Кайын энем жоолугу жок дааратканага да чыгарбайт. Жаңы келген келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Айзирек 21 жашта. Жакында сүйүктүүсүнө турмушка чыккан. Жаш келиндин жашоосунда баары жакшы, болгону жоолук салынгысы келбейт. 

«Кайын журтум менен бирге турабыз. Алар салтты катуу карманган кишилер. Күйөөм каалаганыңдай кийине бер деген, болгону кайын энем жоолугу жок жүрүүгө уруксат бербейт.

Көчөгө, базарга, дүкөнгө, таштанды чыгарганга, окууга, дааратканага (ал үйүбүздүн сыртында), короо шыпырганга да жоолук салынып чыгам. 

Мен азыр жашмын. Чачымды жасап жүргүм келет. Көчөбүздөгү келиндердин баары жоолук салынбайт. Кайын энем эле, «кой, тигинин келининин жоолугу жок экен деп айтышат», — дей берет. Кайын журтумдун мага болгон мамилеси жакшы, жоолук маселесинде гана тил табыша албайбыз. Айтыңызчы, кайын энемди кантип көндүрсөм болот?«

Адис эмне дейт

Психолог Тамара Воронцова биздин өлкө үчүн эң башкы лозунг — «эл эмне дейт» экенин жана бул нерсе өзүнүн жана балдарынын бактысынан да биринчи орунда турарын айтат:

— Салттары урматтоо керек, алар кылымдар бою пайда болгон. Мисалы, көпчүлүк өлкөлөрдө турмушка чыккан аялдын жоолук салынуусу — балдарга кам көрүү, тамак бышыруу ж.б менен шартталган. Мурун чачты бат-баттан жууп турууга мүмкүнчүлүк болгон эмес, ошондуктан ал кирдеп калбашы үчүн жоолукка ороп катып коюшкан. Бул негизгиси. Ошондой эле аялдын жоолугуна карап, ал турмушка чыкканбы же жокпу аныктоо мүмкүн болгон. 

Азыр чачты таза кармоо мүмкүнчүлүгү чектелген эмес. Бирок, салт сакталып калды, чынында азыраак эле элдер бул салтты карманбаса, көпчүлүк аялдар зарыл эмес деген ойдо болуп калышты. 

Бизде, кайын энелер — эмне гана болбосун, курбуларына, кошуналарына, салтты карманганын, келини баш ийип жатканын көрсөтүү максатын көздөйт. 

Тилекке каршы, сиз кайын энеңизди ынандырып, өзүңүздүн чындыгыңызды түшүндүрө албайсыз. Жакшысы, бул нерсени  күйөөңүз жасасын.

Талыкпай дагы кайталам — жаш жубайлар өзүнчө жашашы керек, жок дегенде жаңы үйлөнгөндө. Ата-энелер улгайган, ден соолугу начар болсо, жардам берип алар менен чогуу турса болот. Өкүнүчтүүсү, бул дагы бир салтыбыз — сиздей 20 жаштагы жубайлар, ден сак 45-50 жаштагы ата-энелери менен турат. Азыр 21-кылым! 

Бул салттар зарыл деле эмес, элдер жана өлкөлөр үчүн түбөлүктүү жана пайдалуу салттар сакталышы керек: улууларды сыйлоо, оорулууларга жардам берүү, уулуларга — ата-энеңдей, тең туштарыңа — бир тууганыңдай, кичүүлөргө балдарыңдай мамиле жасоо. 

Кыязы, азырынча силерде өз алдынча бөлүнүп жашоо мүмкүнчүлүгү жок, күйөөңүз да муну талап кылбайт. Андыктан, чыр-чатакка салыштырмалуу, жоолук салынып, салтты сактап койгонго, азыраак нерв кетет. Ошентсе да, күйөөңүз апасын ынандырууга аракет кылып көрсүн.

Кымбаттуум, алдыда дагы бир топ көйгөйлөр болот, компромисске үйрөнүү керек!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Жайкы банкир" мектеби - банкта иштегиси келгендерди күтөт

"Жайкы банкир" мектеби - банкта иштегиси келгендерди күтөт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.