AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кайын энем экөөбүз чай ичип отурганбыз. Кайним сабактан келди. Шкафтан стакан алып сок ичип, кайра аны раковинага салып чыгып кетти. Кайын энем унчукпай карап турду. Анан башын чайкап “ай бала, бери кел”,- деди.  

— Эмне болду апа?

— Тиги идишиңди ким жууйт?

— Жеңем.

— Башымды оорутпай артыңды тазалап кеткин.

Конок келгенде кайын энем ар дайым жанымда туруп идиш жуушат. Машинага кирди салып койсом, алып чыгып жайып коет. Тамак жасаганы баратсам, артыман кичүү кайнимди картошка аарчыганы жөнөтөт. Башында, кылган ишимди жактырбай тескеп жатабы деп ойлогом. Кийин гана бул аракеттери мага кам көрүү экенин билдим.

Кечээ курбу кызым менен жолуктум.

— Кайын сиңдим жеңем кылат деп жерде жаткан байпагын алып койгонго жарабайт.

— А сен эмне дейсиң?

— Ачуум келет, бирок унчукпайм.

— Кайын энең эч нерсе дебейби?

— Ал идиш жууп жатсам, кир чынысын коюп кетет.

— …

— Эмне ойлонуп калдың? Сен дагы баарынын артынан тазалап жүрөсүңбү?

— Жок, ар ким өзү тазалайт.

— Койчу, кантип ошондой болсун!?

Үч кайним, бир кайын сиңдим бар. Ар ким өзүнүн артынан өзү тазалап кетет. Кээде “сиз бара бериңиз” деп жумуштарды бүтүрүп коюшат.

Бир жолу төркү бөлмөдө китеп окуп отургам. Сырттан кайын энем “ай, кайдасыңар”,- деп бакырды. Коңшу бөлмөдө кайнилерим сабак кылып жатышкан. “Бол баскыла, апам дагы жеңемдин иш кылып жатканын көрүп калса керек, азыр өлтүрөт”,-деп чыгып кетишти. Күлкүм келди. Анткени, чынында эле кайын энем менин жумуш кылып жүргөнүмдү көрсө эле балдарын урушат. “Жеңеңер силердин кызматчыңар эмес”,-деп, баарын сыртка кууп чыгып иш кылдырат. 

Ишенесиңерби, келгенден бери бир дагы жолу бирөөнүн аркасынан тазалаган жокмун. Күйөөм дагы кирлерин өзү жууп, ачка болсо бир нерсе жасап жеп алат. Биздин үйдө «сен кыл» деген сөз айтылбайт. 

Ошон үчүн, өзүмдү бул үйдө кызматчы эмес, толук кандуу бүлө катары сезем. Бул үчүн кайын энеме абдан ыраазымын.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын-журтумдун көзүнчө мени көтөрүп алган күйөөмдү сагындым

Кайын-журтумдун көзүнчө мени көтөрүп алган күйөөмдү сагындым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.