
Саламатсызбы. Кайын энем уулун менден кызганат. Өзү кайын атам менен ажырашып кеткен экен. Кыялы оор, күйөөм экөөбүздү уруштурат, ортобуздагы сезимдер деле калбай калды. Менин көзүмчө эле күйөөмө “сен эркексиң, чарчадың, барып эс алып кел”, — дей берет. Ал акыркы күндөрү экинчи аял алам деген сөздү да көп айта баштады. Жумушунан түнкү он эки, бирде келет, ойношу бар окшойт. Экөөбүз эч жака барбайбыз, жаш жубайлардай деле эмеспиз. Апам айтты, апам деди, деп эле уруша беребиз.







