AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем милиция тайкесине ишенип мени урат. Кош бойлуу келиндин баяны

Кайын энем милиция тайкесине ишенип мени урат. Кош бойлуу келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg’ге үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон аялдар көп кайрылат. Алардын бири Гүлбайра (аты өзгөртүлдү) кайын энесинин кызыл камчы экенин айтып берди.

“Кайын энем мага кол көтөрөт. Бир нерсени туура эмес кылсам, түртүп, жулкулдатып, “минтпейсиңби” — деп чаап жиберет. Боюмда бар. Мына, кечээ эле катуу түрттү эле, кулап түштүм. Дароо курсактагы баламды ойлодум”.

Гүлбайра милицияга кайрылайын дейт, бирок ал жакта кайын энесинин тайкеси иштейт:

“Өз укугумду коргоп, тиешелүү органдарга айтайын дейм. Бирок, кайын энемдин тайкеси милицияда иштейт. Денемде да тактар жок. Урган эмес деп, арызымды кабыл албай койсо эмне болот, деп ойлойм. Кайын энемдин кол көтөргөнүн кантип далилдесем болот? Деги эле эмне кылсам? Жардам бериңизчи?”

Сөзүнүн аягында күйөөсү аябай жоош экенин, апасынан коркоорун, сабап жатканда унчукпай олтураарын кошумчалай кетти.

Адистер эмне дейт

Юрист Нурислам Раимжановдун айтымында зомбулукту далилдөө үчүн денедеги тактардын болушу зарыл эмес: 

— Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу мыйзамынын негизине ылайык, кайын энеңиздин сизге көрсөтүп жаткан зомбулугу боюнча милицияга өзүңүз же жакындарыңыз кайрылса, коргоо ордерин беришет, тийиштүү чараларды көрүшөт. Мындай абалга туш болгонуңуз абдан өкүнүчтүү. Сиз да бирөөнүн баласысыз. Ата-энеңизге, туугандарыңызга ачык айтыңыз. Сизге мындай мамиле жасаганга эч кимдин акысы жок, мыйзам буга жол бербейт. Өзүңүздүн укугуңузду коргоңуз, балаңыздын келечегине да зыяны тийип калбасын. Редакциядан менин телефон номеримди алсаңыз, арыз жазганга жардам берем.

Акушер-гинеколог Раушан Джумагулова кош бойлуу айым стресске кабылганда, түйүлдүктө өсүү жана өрчүү кемтиктери пайда болоорун айтат:

— Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өтө коркунучтуу! Туруктуу стресс курсактагы балага терс тасирин тийгизет. Кош бойлуу айымга кол көтөрүү – кан агууга, бойдон түшүү коркунучуна же бойдон түшүүгө, жатындагы баланын өлүмүнө, тондун кабатталышына алып келиши мүмкүн.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жыныстык катнашты тажатма көрүнүшкө айланткан 6 себеп

Жыныстык катнашты тажатма көрүнүшкө айланткан 6 себеп

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.