AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем мен жасаган боорсокторду итке берип салыптыр

Кайын энем мен жасаган боорсокторду итке берип салыптыр

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ит жеп бүткүчө карап турдум. Акыркы боорсокту оозуна алганда артка бурулуп жөнөдүм. Ыйласам бир аз эс алып калмак белем билбейм. Ичимен өрттөнүп жатканым менен сыр билгизбей үйгө кирдим. Кайын энем коноктор менен бака-шака болуп отуруптур. Эч нерсе болбогондой мени карап, “чай демдеп келчи”,-деди.

Кайын энем экөөбүз ынтымактуубуз деп калп сүйлөгүм келбейт. Бир күн таарынышсак, эки күн жакшы жашайбыз. Анын дагы кыялы бар, менин дагы кыялым бар. Экөөбүздүн бир гана жерибиз окшош, айтканынан кайтпаган өжөрбүз.

Бүгүн коноктор келмек. Эртең менен жумушка кетип баратып камыр ачытып койгом. Эртерээк келип боорсок бышырдым. Дасторконду даярдап бүтүп базарга түшүп келгиче эле, коноктор келип калыптыр. Шашып кирип баратып боорсокторум иттин кесесинде турганын көрүп калдым. Дароо оюма кайын энем келди. Анткени бышырып жатканда, “өтө кызартып жибердиң, күйүктөрүн терип итке эле берип коюш керек”,-деп, сүйлөнүп басып кеткен.

Дасторконго көз жүгүртсөм боорсоктор жок. Коноктор нан эле жеп отурушуптур.

Конокторду узатып алдык. Кайын энем экөөбүз сыртта үнсүз идиш жууп отурганбыз. Анан өзү сөз баштады.

— Ал сен жасаган боорсоктор эмес. Тиги коноктор ала келиптир. Машинада үстү ачылып келген окшойт, карасам бензин жыттанып кеткен экен. Балтекке ыргытып койдум. Сеникин кытыраган кыпкызыл сонун боорсок болуптур дешип балдары тытып жеп койду.

— Мен сиз менен тиреше берип чарчадым. Жөн гана ынтымактуу болуп жашагым келет. Экөөбүздүн тил табыша албай жатканыбызды көргөн Адыл (күйөөм) деле кыйналып жүрөт. Эгер жок, сени кабыл алалбайм десеңиз, жаныңызда жүрүп көңүлүңүздү оорутпайын. 

— Эч жакка кетпейсиң, жөн отургунуң! Мен сен жок ким менен урушам? Кимге кыялымды көрсөтөм? Кимге кыйын болом? Ооруп калсам кимге эркелейм? Кимдин мээсин жейм? Ким менен сериал көрөм? Ким менен ушакташам? Кимди тойго ээрчитип барам? Жаңы көйнөк алсам кимге мактанам? Менин жоруктарымды сен гана көтөрөсүң. Мага сенден башка келин кереги жок. Жөн отургунуң! Сени эч жакка кое бербейм. Кетсе тиги Адыл кетсин.

“Мен кайда кетишим керек?” Артыбызды карасак күйөөм таң калып турат. Кайын энем экөөбүз каткырып кирдик. Ичибиз ооруп калгыча эзилдик.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Тогуз жылдан кийин жанымда жаткан күйөөм "красавчик" экенин билдим

Тогуз жылдан кийин жанымда жаткан күйөөм "красавчик" экенин билдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.