AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин жоругу тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Аида: Биринчи жолу укканда, үйгө кирип алып боорум эзилгиче каткыргам.

Ушул үйгө келин болуп келгениме беш жыл болду. Кайын атам өтүп кеткен. Кайын энем биздин колубузда. Кээде түшүнбөстүктөр болуп турат, бирок анчалык деле олуттуу эмес.

Өзүм чач тарачта маникюр жасап иштейм. Күйөөм шаардан айылга эл ташыйт. Кызыбыз бала бакчага барат. Кайын энем корообуздагы чакан дүкөндү иштетет.

— Кир жууйсуңбу?

— Ооба, суу астым.

— Менин бөлмөмдө эки байпак турат. Ошону да кирге кошуп койчу.

— Макул апа.

— Ай токто.

— …
— Акандын турсийлерин өзүм жууйм.
— Макул.

Биринчи жолу укканда, үйгө кирип алып боорум эзилгиче каткыргам. Эмне үчүн экенин сураган эмесмин. Күйөөмдө да үн катпадым.

Кирди машинкага жууйбуз. Ошентсе да кайын энем күйөөмдүн ич кийимдерин өзү салышы керек. “Апа, бүттүм”,- деп бакырам, ал келип турсийлерин салып кетет. Болду. Калганын өзүм алып чыгып жаям.

Күйөөм жумуштан келди:

— Душта суу барбы?
— Бар. Түшөсүңбү?
— Ооба, бир чайканып алайынчы.
— Азыр сүлгүнү алып келип берем.

Сүлгүнү алып чыгып кетип жатсам, кайын энем мени көрө калып:

— Акмат жуунам дейби. Ооба, чайканып алайын дейт.
— Которунат бекен сурачы.
— Макул.

Душ.

— Которунасыңбы? Апаң сурап жатат.
— Жок.

Үйгө кирдим.

— Ай эмне дейт?
— Которунбайт экен.
— Ич кийимдерин дагы алмаштырбайт бекен?
— Ооба.
— Аа макул.

Кайын энемдин мага болгон мамилеси жакшы, болгону бул адаты жакпайт. Курбуларымдан кыйытып сурасам, эч кимисинин кайын энеси мындай эмес экен. Бул тууралуу кайын энеме айтсамбы?

Адис кеңеш берет

Психолог Тамара Воронцова жаш келинге кайын энесин өзгөртө албаарын, жеке пикирлери менен өз алдынча жасайм деген сунуштары бир гана чыр-чатактарды пайда кылаарын айтты: 

— Актриса экениңизди, кайын энеңиз менен болгон жашооңузду бир камера тартып жатканын элестетиңиз. Балким, ал бир комедия болот? Ар бир жагдайдан күлкүлүү бир нерсе табыңыз. 

Ийкемдүү болуңуз, дипломатиянын, конфликтологиянын жана албетте, актердук чеберчиликтин негиздерин окуп үйрөнүңүз. Мисалы, аларга ачуу чындыкты айткыңыз келет, бирок ролуңуз жакшы адамдыкы дейли. Актерлер ролуна сүңгүп кире алат, муну менен бардык нерсени жакшы жагына чечкенге үйрөнөсүз. Анан баары бактылуу болот!

Акылдуу келин болуңуз! Керектүү жерде сүйлөп, керектүү жерде унчукпай калуу, туугандар менен тил табыша билүү жөндөмдүүлүгү — бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун сырларын бири болуп саналат!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Абысындардын баары эле аңдышкан жоо эмес экенин келин болгондо билдим

«Төрт балалуу аялды келин кылбайм» деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Беш күн аялым жок жашап көрдүм. Жыйынтыгы төбө чачымды тик тургузду

Беш күн аялым жок жашап көрдүм. Жыйынтыгы төбө чачымды тик тургузду

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.