AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем келиндерин "сучкалар" дейт экен. Жаңы келген келиндин баяны

Кайын энем келиндерин «сучкалар» дейт экен. Жаңы келген келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин оор мүнөзү тууралуу айтылат. Каармандын аты өзгөртүлдү. 

Нуриса: мен интеллигенттердин үй-бүлөсүндө чоңойгом

23 жаштамын. Жакында эле сүйүктүүмө турмушка чыктым. Өз алдынча турабыз. Күйөөм аябай камкор, мээнеткеч, жакшы да табат.

Өзү төрт бир туугандын кичүүсү. Төртөө тең эркек. Кайын атам алар кичине кезинде эле өтүп кетиптир. Кайын энем баарын өзү багып, бутка тургузган экен. Балким, ошондон улам мүнөзү эркектердикиндей.

Айтайын дегеним, кайын энем күчтүү аял, бетке айтат, назиктик дегенди жек көрөт. Анча-мынча эркектер анын жанында көлөкө эле болуп калат.

Балдарын катуу тартип менен чоңойтуп, билгенинин баарын үйрөтүптүр. Алсак, күйөөм нан бышырганды, кышкыга салат жапканды, тамак жасаганды, үй жыйнаганды, кир жууганды менден жакшы билет. Жумуштарды аялдыкы же эркектики деп бөлбөйт, айттырбай эле өзү жасап коет. Кылганын милдет кылбайт. Бул үчүн кайын энеме чоң рахмат айткым келет.

Кайын энем коммерсант. Төрт баласы да бул тармакта. Бардык балдары аны сыйлайт, айтканын эки кылышпайт. Кыскасы жакшы турабыз.

Болгону бир көйгөй бар. Жумуштан кийин кайын энем кичине серп этип алат. Аябай сөгүнүп сүйлөйт. Эң негизгиси төрт келинин тең “сучкалар” деп чакырат.

Мисалы, “Эй “сучкалар”, эртең үйүмө конок келет, жардам берип кеткиле!”, “Сучкалар, көлгө кетип жатам, бош болсоңор үйгө келип жашап тургула” ж.б.  

Бул мага жакпайт. Абысындарым мүнөзүнун ошондой экенине, көнүп калышканын айтышат. Менин ата-энем мугалим. Мындайча айтканда интеллигенттердин үй-бүлөсүндө чоңойгом. “Сучка” болгум келбейт деп түз эле кайын энеме айтсамбы же күйөөмөбү?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Сизде баары жакшы, бирок бир терс жагдай бар экен, ар дайым ушундай болот, тескерисинче болбогону кайра жакшы.

Кайын энеңизди эркек мүнөздүү, энергияга бай аял катары сүрөттөп жатасыз — эркектик сапат бардык жагынан байкалып турат, жүрүм-турумдарында, эмоциясында.

Албетте, мындай мамилеге чыдоо мүмкүн эмес, тамаша иретинде болсо да! Бирок эмне үчүн башка келиндер бул нерсени юмор катары кабыл алып, сизди тынчтандырып жатышат?

Балким, кайын эне менен дос болуунун пайдасы көбүрөөк, мүмкүн мындай кайрылуу күлкүлүү угулат, анан ал юморун келиндерин ушунтип атоо менен билдирет. 

Сиз күйөөңүз менен кеңешиңиз, бирок даттанбаңыз, келечекте мындай сөзгө кантип реакция кылуу керек экенин сураңыз. Ал эмне деп кеңеш берет? Кыязы, анын мүнөзүн жакшы билгендиктен, юмор менен мамиле кылууну сунуштайт. Бир гана апасы менен бул боюнча сүйлөшүүгө жол бербеңиз — чыр-чатак болот.

Кайын энеңиз «мен жакшы көргөнүмдөн улам ушинтип айтып жатам, башка келиндер түшүнөт, а мунуң эркелеп, болор-болбос нерсеге кыйкымдайт» ж.б деши мүмкүн. 

Келечекте эсиңизде болсун, жашообуздагы бардык нерселер тең салмакта болот  — позитив нерсеге ар дайым негатив табылат. Бир жаман жери, кайын энеңиздин ичимдик менен достошкону, келечекте кандай болоорун алдын ала айтсак болот, аялдарда көз карандылык менен көнүп калуу тез өнүгөт жана бул көйгөй баары үчүн абдан олуттуу. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Balance тиркемесин жүктөп алуу үчүн 5 себеп

Balance тиркемесин жүктөп алуу үчүн 5 себеп

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.