AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем “келин” деген сөз жакпай турганын айтып таң калтырды

Кайын энем “келин” деген сөз жакпай турганын айтып таң калтырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

“Ай, жакпайт ушу сөз!”. Колун серпип басып кетти. Камыр жайып жаткам. Күлүп коюп, ишимди уланта бердим.

Күйөөм менен кыз-жигит болуп жүргөндө апасы башкача экенин айта берчү.  “Өзүнүкүн бербейт”, “башкача ойлонот”, “элдин сөзүн укпайт”, “танго бийлегенди жакшы көрөт”, “крешкини аябай жейт” ж.б. Кандай аял болду экен деп көргүм келе берчү. Таанышканда жигитим чын эле айтканын билдим. Кафеге кирип барарым менен, “сенби баламдын жүрөгүн уурдап алган”,-деген. Ойлонуп туруп калсам, тамаша экенин айтып каткырып кирсе болобу.

Кайсы учурда тамашалап, кайсы учурда чын айтып жатканын билбейсиң. Башында, “Апа, чынбы же тамашабы?”,-деп сурап турчумун. Бара-бара көнүп деле калдым.

“Бөпөм”, Бепуням”, “Бөжөгүм” ж.б. Келгенден бери ар кандай атап чакырат. Бир дагы жолу “келиним” деген жок. Башкалар “келиниңби”,-деп сурашса, “Жок, Бепуням”,-деп жооп берет.

— Ошо келиниң да, туурабы?

— Жок, Бепуням.

— Ээ макулчу.

Үйгө жумасына үч жолу бир мугалим келет. Кайын энем тангону жакшы көрөт дебедим эле, ошол боюнча сабак өтөт. Акыркы үч жумадан бери кайын энеме кошулуп мен дагы үйрөнө баштадым. “Бийлегенде жашап жатканымды сезем”,-дейт. Чындап эле бий бул башкача керемет экен.

“Келин” деген сөз жакпай турганын айтат. Себебин сурасам, “мага келин кереги жок, мага курбу керек”,-деген.

— Бирөөнү башкарып, акыл үйрөтө турганга акым жок. Ар ким кандай жашашты өзү билет. Мен аны кабыл аламбы же жокпу, бул менин көйгөйүм, аныкы эмес. Эмне үчүн мага бир нерсеси жакпаса, мен үчүн өзгөрүшү керек. Ага эмес, мага жакпай жатпайбы туурабы?

— Туура, туура.

— Мага тамак жасап бербей эле кой. Ар кимдин табити ар кандай. Өзүм эле жасап жеп алам. Мага кандай жагарын сен кантип билмек элең. Андан көрө тур, курстарга жазылып, өзүңдү өстүрө бер.

— Макул, макул.

Кайын энем менен сүйлөшсөң өзүнчө эле мотивация алып чыгасың. “Ай, үйдө эмне жатасыңар, тур көчөгө чыккыла.” Үйгө эрте келсең кайгырат, кеч келсең сүйүнөт.

Ушундай кайын энеге туш болгонума аябай сүйүнөм. Анын жанында күн сайын өсүп жатам. Бир гана нерсе айткым келет. “Апа, билем “келин” деген сөздү жаман көрөсүз. Бирок, келиниңиз сизди аябай жакшы көрөт.”

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жеңем уулумдун аты аялымдын айылдагы сүйгөнүнүкү экенин айтты

Жеңем уулумдун аты аялымдын айылдагы сүйгөнүнүкү экенин айтты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.